www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Табылды мырза, жакында эле белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков мекенин таштап, өлкөдөн чыгып кетти. Ал өзүнө кысым, куугунтук болгондугун билдирди. Муну кандай баамдай алдыңыз? Сиз, Дөөлөт Сыдыковду колдогонуңузга караганда, анын эмнеден улам жазганын билсеңиз керек?
— Мен бул талаштын кандай нукта кетип жатканын аныктоого аракет кылдым. «Манас» айылы комплексин реконструкциялоо тууралуу иш жүрүп, конкурс жарыяланган экен. Үч проектинин бири, конкурстун жеңүүчүсү болуп табылыптыр. Мына ошол маалда эмнегедир «Ысык-Көл» мейманканасынын аймагына Президенттин резиденциясын салуу маселеси көтөрүлүп, ал эми «Манас» айылы комплексин башка жакка көчүрүү маселеси көтөрүлө баштаган. Резиденцияны куруучу компанияларга 16 гектар жер берилип, алар ошол жакка көп кабаттуу үйлөрдү куруп, анан анын акчасына «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна резиденция куруп бермей болушкан.
Бирок, талаш чыгып кетип, эл ал жерге күмөндүү резиденциянын курулушуна каршы чыгып, Дөөлөт Сыдыковду катуу колдоо башталды. Ошол маалда «Манас Ордо» комплексин реконструкциялоо боюнча дагы бир долбоор пайда болуп, президент тарабынан жактырылып, жарыяланды. Эки тарап тирешип, талаш ырбап жатканда Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди.
— Алды менен тактап алалы, «Ысык-Көл» мейманканасы турган жер тарыхый жер экендигин да айтышты. Ал жерде Байтик баатыр жарык дүйнөгө келген дешет. Ошол чынбы?
— Ооба. Мен Кара-Балтадан болом. Бирок, биз кичине кезибизде аксакалдар, ата-апаларыбыз Байтик баатыр «Ысык-Көл» мейманканасы турган жерде, буудай орум мезгилде туулган деп калчу эле. Ошол жерде бир аз бак-дарак болсо керек. Баатырдын энеси көлөкөлөп олтурганда, толгоосу келип, Байтик баатыр төрөлүптүр. Буудай оруп, боолап жаткан эл чогулуп, балаңардын аты Байтик болсун, байтиктей тукуму көп болсун деп бата беришкен экен. Кийин ал жер мазар болуп, ары-бери өткөн эл токтоп, тилек кылып турчу жайга айланган имиш.
— Демек, бул жер касиеттүү дебесем дагы, тарыхый жер экен да?
— Ооба. Бул тарыхый жер.
— Анда бул жерге резиденция же дагы бир нерсе курууга болбойт го, кандай дейсиз?
— Бул жер эл оозунда Байтик баатырга арналып калган жер. Ошого бул жерге бир нерсе курулса да, Байтик баатырдын ысымы менен байланыштуу болгону туура болот.
— Анда резиденция куруу туура эмес болуп калабы?
— Курулса да, Байтиктин атында Хан Байтик резиденциясы, Хан Байтиктин Ак Сарайы, Хан Байтиктин Ак Ордосу деп атап койсо, тарыхый жактан туура болот го дейм.
— Бирок, жеке оюңузда кандай деп ойлойсуз. Бул жерге резиденциянын турганы жакшыбы же “Манас” айылынын турганы жакшыбы? Сиздин баамыңызда курууга сунушталган проектилердин кайсынысы ылайыктуу?
— Менимче, Ысык-Көл мейманканасынын жанын толугу менен «Манас айылы этно-маданий комплекске ыйгарыш керек. Анан атын өзгөртүп «Манас Ордо» тарыхый этно-маданий комплекси деп атап койсок, бул комплекстин жери алда канча кеңейтилет. Жогорудагы сунушталган эки проектини тең кайрадан карап чыгып, эң мыкты деңгээлге жеткирип, экөөнөн бир мыкты проект иштеп чыгып, алымча-кошумчалар менен бул жерге жайгаштуруу керек.
— Канчалык зарылчылыгы бар?
— Себеби, талаштын баары ошол Дөөлөт Сыдыковдун проектисинен башталгандай. Дөөлөт Сыдыковдун проектисинин бир чоң артыкчылыгы бар экен. Ал Монголияда, байыркы хуннулардын мекени Ордосто курулган дүйнөлүк теңирчиликтин символун мүнөздөгөн имараттын негизинде иштелип чыккан. Албетте, сүрөттө аны жакшылап көрүүгө мүмкүн эмес болчу. Бирок, идеянын өзү жакшы болгон. Кыязы, бул проектини президентке анын тегерегиндегилер туура эмес, бурмалап жеткиришкен болсо керек.
Балким, бул проект теңирчиликти даңазалайт, теңирчиликке көбүрөөк маани берилип калат деген сыяктуу ойлордун аркасында, шашылыш дагы бир проект иштелип чыккандай. Ал эми чындыгында, Дөөлөт Сыдыковдун проектисиндеги «Манас айылы» комплекси дүйнөлүк ыйык символдун негизинде иштелип чыгышы, өлкөгө туристтерди тартууга чоң роль ойношу мүмкүн эле. Эгерде бул проектини өтө жакшылап иштеп чыккан болсок, анда бул жер туристтердин меккесине айланып кетиши мүмкүн болчу.
Мисалы, ал «Манас Ордо», Манастын музейи, Хан Байтиктин ордосу, Байтиктин мезгилиндеги мазар дарагынын үлгүсү, сак, усундар доорундагы араба, Кир IIнин арабасы, Енисей кыргыздарынын башчысы Иренектин Алтын Өргөсү (Алтын Боз үйдөн болгон), жыгач ую (экини), жасалгалары, кийимдери, рун жазуулар, Моло баштар, байыркы таштан ат мамылар ж. б.у.с. толгон-токой түрлүү тарыхый экспонаттар менен толтурулса, бул жерге туристтер агылып келмек эле. Муну жасаш оңой эле. Азыр да кеч эмес.
— Сиз долбоорду ишке ашырууга дайынсызбы? Канча убакытты талап кылат?
— Мында убакыт жагынан шашпаш керек. Бул ишти аткара ала турган азаматтар жетишээрлик деп ойлойм. Мен Турцияда, Австрияда ж. б. өлкөлөрдө көп эле тарыхый музейлерди көрүп келгем. Эгер мага ишеним артылса мен деле жасап берейин. Менде мындан башка да чоң проектилер бар.
— Анда алиги 16 гектар жерди берип, резиденция салып кереги деле жок экен да? Анан калса, аны куруучулардын анчейин акчасы да жок экенин айтып жатышат.
— Ооба. Бул тууралуу өтө көп жазышты. Бул жагдай баарынан кызык болуп жатат. Ошондуктан, айрымдар буларды уурдалган акчаларды адалдоого пайдаланганы жатышат деп жатышпайбы. Бул жакка миллиондогон акчаларды салышат да, үй куруп, квартираларды сатып, аларды адалдап алышат деп жатышат.
— Бийлик коррупционерлерге уурдалган байлыкты кайтарууга бир ай мөөнөт берген эле. Бирок, “коррупционерлердин акчаларын сол чөнтөккө алып, бир аз кустуруп, анан чыгарып жиберип жатышат” деп жатышат. Кустурузация чоң бизнеске айланып кеткен жокпу?
— Мен башында эле кустуризацияга караманча каршы болчумун. Азыр да каршымын. Себеби, 30 жылдан бери ар кандай саясат жүрдү. Эң алгач ошол ишканаларды ит бекер берип, эч кимге алдыра албай койгон да өкмөт. Кийин элибиз рынокко көнгөндө коррупциялык негиизде ээлеп алуу жүргөн, аны танбайбыз. Ошонун негизинде алгачкы бизнесмендер пайда болду. Азыр алар салык төлөп, бюджеттик мекемелерди багып жатат. Бүгүн аларды мыйзамдын негизинде бизнес жүргүзүүгө мажбур кылып, бизнесин таза жүргүзүүгө көндүрүш керек эле. Эң негизгиси, жаңы бийлик жаңыча иш алып барып, калган элди да беркилердей кылып байытууга аракет кылышы керек. Туура саясат жүргүзсө, аны да жасаса болот. Бирок, тилекке каршы жаңы бийлик кустуризацияга өтүп кетти.
— Сиз кустуризацияга каршы чыгып, бизнесмендерди коргоп жаттыңыз. Ошол кезде «Азаттык» Матраимовду коррупциянын символу катары көргөзүп жатты. Сиз маегиңиздин биринде Матраимов тууралуу жазып, бирок кийин айтылсын деп айрым жерлерин чийип салган экенсиз. Ошол сырларды коомчулукка азыр ачып койсоўуз болобу?
— Болот. Анчейин деле сыр жок. Тек гана ошол кезде айтсам, туура эмес болуп калат го деп чийип салгам. Бирок, кыйыр түрүндө жазып кеткем. Мен Р. Матраимовго каршы аракетерди орусиячыл атамбаевчил саясатчылар баштап, анан аны батышчылдар улап, анан батышчылдар аны АКШнын Магнитский тизмесине киргизгенге жетишкендигин жазгам. Эсиңиздерде болсо керек. Кептин баары ошол кезде Орусия да, АКШ да Р. Матраимовдун чоң бизнесмен болуп калыптанганын билип калган.
Бирок, ал орусиячыл болгон. Ошого А. Атамбаевди колдоп жүргөн. Бирок, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин АКШ Р. Матраимовду батышчыл саясатчылардын катарынан көргүсү келип, аны өздөрүнө тарта башташкан. Эки-үч жолу сүйлөшүүлөр да жүргөн экен. АКШ ага прездиенттик шайлоолордо ставка коерун да билдириптир. Бирок, Р. Матраимов аларга мен орусиячыл бизнесменмин деп көнбөй койгон экен. Мына ушул иштер акырындык менен орусиячыл да, батышчыл да саясатчыларга тарап, анан ага карата атакалар башталып кеткен.
Башкача айтканда Р. Матраимовго АКШнын кызыгып жаткандыгын билишкенден кийин, Атамбаевдин тегереги да, батышчылдар да, башкалар да аны саясаттан сүрүп чыгууга аракет кыла баштаган. АКШ, Матраимов орусиячыл позициясын өзгөртпөй койгондон кийин аны Магнитский тизмесине киргизип салган. Башкача айтканда баары тең, аны президенттикке катышып жүрбөсүн деп, чоочуркай башташкан.
— Эгер макул болгондо эбак эле президент болмок беле? Шайлоодо утуп чыгалат беле?
— Кандидат эмес, шайлоодо бак жүгүрөт деп коет.
— Коррупционер демекчи, мурдакы жемкорлор менен, азыркы коррупционерлер эмнеси менен айырмаланышат?
— Тоюп алып, өлгөнчө карганат принцибинде аракеттенишет. Бирок, азыркылар реформа деген атка жамынып алышкан жана толгон-токой фейктерди жалдап алып, өзүлөрүн реформатор деп мактатып, коомго жамынып, митингдерди уюштуруп, катуу аракеттенип жатышат.
— Министр А. Бейшеналиевдин тегерегиндеги чуулгандуу окуялар коомдун көңүлүн бурду. Жыйынтыгы кандай болот?
— Бул маселеде бир-эки жагдай бар. Биринчиси, Президент С. Жапаров аны бир жолу сактап калган. Ал чыныгы реформатор болсо, калат. Экинчиси, президент бардык коррупционерлерге бир ай мөөнөт берди. Үчүнчүсү, анын акча алгандыгы боюнча маалыматтар тарап жатат. Президент аны дагы коргоп калса, анда бул анын рейтингине терс таасир тийгизиши мүмкүн. Бул Президенттин коррупция менен күрөшүүсүндө моралдык утулуш алып келет. Төртүнчүсү, анын камалышы же эч болбосо, кызматтан алынышы – президенттин аброюнун өсүшүн шартташы мүмкүн.
— Бейшеналиев миллиондорду кымырганы билинип калса, анда президент аны коргой албай калат го. Коопсуздук кызматында маалымат бар чыгаар…
— Эгер болсо, ал маалыматты коопсуздук кызматы Президентке мурда эле берип, атайын операциялар жүргүзүлїп жатышы да мүмкүн.
— Бирок, бул заказ дегендер да болуп жатпайбы? Бейшеналиев мырза орун басарларынан көрүп жатат.
— Министрди Президент колдоп жатса, ага эч ким каршы чыга албайт да. Эгер заказ болсо, аны башкалар кылышы мүмкүн.
Булак: Жаңы Ордо гезити