www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Табылды Акеров, саясат таануучу: “Акаев мыйзамдуу түрдө бийлигин өткөрүп берип кеткенде, Кыргызстанда эки жолу революция болмок эмес”, деп "Майдан.kg" гезитине маек курган.
--Белгилүү коомдук-саясий ишмер Феликс Кулов мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө шарт түзүп берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Сиздин оюңузча, революциялык жол менен тактан түшүрүлгөн Аскар Акаевдин кыргыз жергесине кайтып келүүгө моралдык укугу барбы?
--Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүгө моралдык укугу жок. Себеби, ал тунгуч президент катары өлкөдө авторитардык бийликти орнотуунун автору болуп калган. Акаевдин авторитардык бийлик орнотуусуна байланыштуу 2005-жылдын 24-мартында революция болгон. Эгерде Акаев 2005-жылы мыйзамдуу түрдө бийлигин өткөрүп берип кеткенде, Кыргызстанда эки жолу революция болмок эмес жана Акаев тарыхта эң мыкты президент жана лидер болуп калмак. Бирок, Акаев өлкөнү тополоң жолуна салып жиберип, андай мүмкүнчүлүктү кое берип жиберген.
Бирок, Акаевдин өлкөнүн тышкы карыздарын жоюуда мүмкүнчүлүгү зор. Эгер Акаев патриоттук сезимине байланыштуу өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө жардам берем десе, анда балким, Акаев үчүн атайы эсеп ачып берип, өлкөнүн карызын кечтирүүгө жардамдашууга мүмкүнчүлүк берсе болчудай. Эгер ушул жаатта Акаев өлкөгө жардам берсе, анда Акаевде дагы да болсо мыкты инсан катары элдин эсинде сакталып калуу мүмкүнчүлүгү бар. Мезгилдин өтүүсү менен эл Акаевди кечирип коюу мүкүнчүлүгү жогорулашы мүмкүн, деген Табылды Акеров “Майдан.kg” гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg