www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Саляновага кылмыш иши саясий негизде козголду. Себеби, ал өтө көп нерселерди билет. “Ата-Мекен” фракциясы президентке импичмент жарыялайбыз деп, документтерди чогултуп жатат. Ушуга байланыштуу, Салянова дагы бир нерселерди айтып жибербесин деп, бийлик анын оозун басып туруу үчүн кылмыш ишин козгоду. Буга чейин деле ага жакындары аркылуу кысым көрсөтүлүп келген.

Эгер бийлик кааласа, ал берене боюнча юстиция министри башка адам болсо деле ушундай жагдайга кабылмак. Айтайын дегеним, ошол учурда Елисеевдин лицензиясын узартып берүүгө юридикалык жактан толук мүмкүн болчу. Себеби, мыйзамда ошондой жазылган.

А. Салянованын абалы бүгүн Медет Садыркуловдун абалына өтө окшош. Садыркулов да бийликтен кеткенден кийин “мен баарын өз орудуна коем”, – деп, оппозиция менен тымызын иштешип келген. Бирок, аягы трагедия менен бүттү. Мындайда ал коомчулук менен ачык сүйлөшүп, керек болсо кечирим сурашы керек эле. Элөзү таразалап алмак. Ким эле күбөнүн тирүү жүргөнүн кааласын. Кыскасы, Салянованын өмүрү коркунучта. Мындай абалда бийлик менен ойноого болбойт. Буга чейин бир топ эле саясатчылар коомчулукка өз аракетерин ачык айтып келген. Маселен, жакында эле Ө. Текебаев бийлик аны пайдаланып, кантип премьер-министрлерди обу жок кетирип жатканын ачыктап берди. Саясатчы ачык айтуудан коркпош керек.

Булак: fakt.kg

Последние новости