www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдыз Жээнбаевна, 26-декабрда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узартуу тууралуу буйрукка кол койгондугу үчүн Аида Саляновага карата кыл­мыш иши козголду. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?

-Менимче, буга кандайдыр бир пикир айтыш эртелик кылат. Баардыгы мыйзам чегинде, укуктук талаада жүргүзүлүшү керек деп гана айта алам. Башкы прокуратура иликтөөдө. Сот чечими бул суроого өзү чекит коёт.

-Бирок, Аида Женишбековна бул кылмыш ишине саясый себептер түрткү болгондугун билдирүүдө. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

-Мен саясатчы эмес, юрист катары ой жүгүртөм. Ошондуктан, «тигиндей же мындай» деп баа берүүдөн алысмын. Менин түшүнүгүмдө тергөө органдарынын ишине бир гана сот баасын бере алат. Андыктан, менин кандайдыр бир билдирүүлөрүм тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишүү болуп эсептелиши мүмкүн. Бул иште менин кызыкчылыгым жок болгондуктан бир нерсе деп айтыш да туура эмес.

-Ошентсе да Елисеевдин адвокат­тык лицензиясына байланыштуу Салянованын жоопкерчилиги туу­ралуу бекем позицияны кармандыңыз да?..

-Менин позициям айрымдарга катаал болуп сезилиши мүмкүн. Бирок, бул аргасыз кадам болду. Бир учурларда мага, менин кесипкөйлүк иш аракетимди каралоого багытталган кандай гана атайылап жасалган маалыматтык чуу жаралды. Бул позиция болгону Аи­да Жеңишбековнанын мага карата жасаган провокациялык ишине жооп болгон десем болот.

-Ошондо аны менен болгон аудио жаздырууну айтып жатасызбы?

-Ооба. Бул анын атайылап жасаган кадамы болду. Мен өз тарабыман бул иште кимдин жоопкерчилиги канча экенин гана айттым. Елисеевдин лицен­зиясын узартууга өзү кол койгон. Анды­ктан жоопкерчиликти да өзү тартыш ке­рек. Кандай жоопкерчилик, эмне үчүн – аны сот чечет. Мен бул тууралуу эл алдында юрист катары билдирүү кылгам. Эми аны саясатташтыргым келбейт.

Булак: “Азия ньюс”

Последние новости