www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Табылды мырза, коррупция менен күрөш күч алып барат. ТЭЦти оңдоо маселелери көтөрүлгөн мезгилде экс-президент Атамбаевдин аппаратынын жетекчилери С. Исаков Кытайга бир нече жолу каттап турганы аныкталса, М. Карыбаеванын Тарых музейин оңдоо маселесинде Германияга барып, бул ишти аткаруучу уюмдун офисинде болуп келгени айтылды. Алмазбек Атамбаев да өз билдирүүсүндө ТЭЦ боюнча аракеттер анын тапшырмасы менен болгонун белгиледи. Экс-президенттин аппаратынын жетекчилери өкмөттүн үстүнөн өкмөт болуп алган эмеспи?

— Ооба. Чынында эле ТЭЦти, Тарых музейин оңдоо өкмөттүн иши. Бул ишти өкмөт аткарышы керек болчу. Бирок, эмнегедир бул иштерди аткарууда экс-президент А. Атамбаевдин аппараты өтө активдүүлүктү көрсөткөнү көрүнүп турат. Бул Президент институтунун өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, мыйзамдан чыгып кеткендигин билдирет. Кыязы, бул көндүм иш болуп калса керек. Президенттин институту өкмөткө үстөмдүк кылып турганы ачык байкалып турат.

Көрбөйсүзбү, алар атүгүл, Кытайга, Германияга барып жолугушуп да келишкен. Президенттин аппараты министрликтер менен түздөн-түз иштегени өтө кызык болуп жатат. Чынында, Президент эгер ТЭЦ проблемалары боюнча кызыкса, анда Президенттин аппараты өкмөткө кайрылып, ал жактан маалымат алып, аны президентке ылайыкташтырып иштеп чыгып, ага жөнөтүш керек эле. Бул жерде экс-президенттин аппаратынын министрликтер жана ведомстволор менен түздөн-түз иштегени көрүнүп жатат. Мындай болбошу керек эле. Ошондуктан, тергөө С. Исаковго кылмыш ишин ачып олтурат да.

— С. Исаков, К. Кулматовдор камакка алынды. Экс-президент Атамбаевдин учурунда да коррупция менен күрөш жүрүп, камакка алуулар болду эле. Кандай айырмачылыктар бар?

— Экс-президент Атамбаевдин учурунда коррупция менен күрөш жүргөн. Бирок, ал күрөштүн аты гана бар болчу. Ал учурда Коопсуздук кызматы, генпрокуратура чоң роль ойногон жана жасалма түрдө камоолор көп болгон. Ал учурда адеп камала турган адамды болжоп таап алышкан да, анан кийин анын аракеттеринен кемчиликтерди издеп, туура болсо да, болбосо да кылмыш ишин ачып, КТРК, ЭлТРдан кайра-кайра көрсөтүп, жаман атты кылуу аракеттери көрүлчү. Камоо өтө шоу менен коштолчу. Мисалы, «Белизгейт» операциясын алсак болот.

Журналисттерди чыркыратып эле мүлкүн тартып алып жатпады беле. А. Салянованы жаш кызды өлтүрүп алган агасын жашырууга аракет кылган деп жаманатты кылуу аракет болгон. Коррупция тандалма жол менен күрөшүү мамлекетке өтө чон залал тийгизди. Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөш мыйзамдын негизинде өтүп жатат десем болот. Исаков, Кулматов камаар алдында канча жолу суракка чакырылды, очный ставкалар жүрдү. Булардын күнөөлүү, күнөөлүү эместиги дыкат изилденип жатты. Качан жетиштуу материалдар топтолгондон соң камакка алуу маселеси коюлуп, алар убактылуу камакка алынды.

— Кечээ А. Атамбаев билдирүүсүндө бул маселелер боюнча бардык чечимдер мамлекет башчысы жана өкмөт тарабынан пикир алмашуулардан кийин кабыл алынчу. Президент институтунун активдүүлүгү мамлекеттик органдардын жана кызматкерлердин жоопкерчилигинин жеткиликтүү эмес деңгээлде болгондугунан улам жана мамлекет башчысынын тышкы саясат боюнча милдеттерине жана Туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясын реализациялоо талаптарына ылайык жүргөн деп билдирди?

— Мындай жооп менен кутулуп кетүү кыйын. Себеби, президенттин институтунун ыйгарым укуктары Конституцияда жана мыйзамдарда ачык эле жазылып турат. Ошого өлкөдө кандай гана абал болбосун президенттин институту өз ыйгарым укуктарынан чыкпашы тийиш. Анан калса, президенттин түздөн-түз милдети – бул мамлекеттик органдардын жана кызматкерлердин жоопкерчилигинин жеткиликтүү деңгээлде болуусун камсыз кылуу.

Экс-президент А. Атамбаевдин мезгилинде кимдер гана саясатка келбеди. Анын шопуру, жансакчысы, секретаршасы, жардамчысы, завхозу чоң-чоң кызматтарды ээлеп турбадыбы. Бардык маселелер ошолордон көз каранды болуп жатпадыбы. Бул эле эмес, ЖК, жергиликтуу кеңештерге коррупционерлер, ууру-кескилер, олтуруп чыккандар кирип албадыбы? Буга ким күнөөлүү. Албетте, мамлекеттин башчысы, анын чабал кадрлык саясаты да.

— ШОПУРдун заманы бүттү деп айтып жатасызбы?

— Ооба. Ханзаада, Шопур сымалдар мамлекеттик кызматка таптакыр келбеши керек. Алар мамлекеттин бүтүндөй системасына кедергисин тийгизет. Бүгүнкү Кыргызстандагы кейиштүү абалга алып келет.

— Атамбаев менен Жээнбековдун кадр саясатын кандай баалайсыз?

— Атамбаев саясатка үч уктаса түшүнө кирбеген адамдардын баарын алып келип, жыйнап алды. Мисалы, өзүнүн шопуру, секретаршасы, завхозу эч качан президенттин аппарат башчысынын орун басары болом деп ойломок тургай, президенттин жардамчысы болом деп да ойлогон эмес да. Же ЖКдагы айрым депутаттарды айтсак болот. Мамлекет башчысы партиялардын тизмелерин түзгөнгө кийлигишти, каалаган- каалабаган адамдар депутат болду. ЖК эле эмес, жергиликтүү кеңештерге да ким депутат болоорун бир адам жана бир партия чечип жатпадыбы. Ошого ууру- кески, олтуруп чыккандар да депутат болду. Мына ошентип, саясий элитаны түзүү шарты бузулду.

Саясий конкуренциянын тымтыракайы чыкты. Бийлик ушундай абалда бийлик жүргүзүү жеңил деп чечти. Мына жыйынтыгы эмне болду? Аткаруу бийлиги, өзгөчө экс-президенттин тегереги эң негизги коррупционерлер болуп чыгып жатат. Себеби, буларга атаандашуучу саясатчылар бийликте жок калды. Алар парламентке, жергиликтүү кеңештерге кирбей, кээ бирлери камалып кетти. Бүгүн Атамбаев жалгыз калып, биз коррупционер эмеспиз дегендей билдирүү таратып жатат. Ага ким ишенет. Атамбаевдин трагедиясы, коомго таасири жок, бир айылдан 5% добуш ала албаган кадрларды саясатка алып келгендигинде. Атамбаевдин тегерегинде мамлекеттик кызматта эң көп иштеген адамдар саналуу гана, дээрлик көпчүлүгү көчөдөн эле алынып келип, жогорку кызматка олтурушкан.

Менимче, А. Сегизбаев, С. Исаковдун эле 5–6 жылдык стажы болгон. Ошого буларды айдап алып, каалагандай пайдаланса болчу. Анткени алардын мамлекеттик саясат боюнча түшүнүгү жок болгон. Бүгүн С. Жээнбеков көп жылдардан бери республикалык, областтык деңгээлдеги жетекчи кызматтарда иштеп жаткан кадрларды алып келип жатат. Алар дароо иштин көзүн таап, алып кетип жатышат. Профессионалдыгы айттырбай, дедирбей көрүнүп турат дегендей. Ошол эле камоолорду алалы. Атамбаевдин учурунда жалган жалаа менен камап жатышып, кандай шоуларды уюштурушчу эле. Канчалаган ата-эне, өмүрлүк жар, бала-бакыранын убалына карабай жалган жалаанын негизинде камап салышчу. Канчабыздын зээнибиз кейип, бийликтин зомбулугуна алыбыз жетпей, чыркырап олтуруп бердик. Бүгүн баары тынч, эч кандай шоусуз өтүүдө. Эл, коомчулук тынч, туура кабыл алып жатат.

Мен С. Жээнбековдун кадрларынын айрымдарынын резюмелерин карап, таң калдым. Мисалы, Бажы кызматынын биринчи орун басары Ш. Бердалиевдин резюмесин караңыз. Бажы кызматта эң жөнөкөй кызматтан баштап, ар кайсы жетекчи кызматтарды аркалап олтуруп, биринчи орун басарга чейин жетиптир. Башкалары да район, областтарда жөнөкөй кызматкер, анан жетекчи, анан областтык жетекчи кызматтарда бир топ жыл иштеп, кийинки тепкичке секирүүгө даяр болуп калган кадрлар.

— Үчүнчү революция болуп кетпейби?

— Менимче, баары эле тынч болот. Бийлик коррупция менен күрөш канчалык оор жана канчалык күчөп баратпасын өтө тыкан аракеттенип жатат. Кыязы, элдин кыжырын келтире тургандай орой каталар кетпейт.

— Эгер экс-президентти да камай турган болсо, эл аны да садага чабууга макул болобу?

— Эл бийликтен коррупция менен чындап күрөшүүнү дайыма талап кылып келген. Бүгүнкү коррупция менен күрөшүү аракеттери кайсы бир деңгээлде элдин талабына жооп бергидей абалда өтүүдө. Ошондуктан, эл бийликтин аракеттерин колдоп жатат. 26 жылдан бери өлкө коррупцияга белчесинен батып кеткен. Ошондуктан, эл буга чейин эле экс-президенттерди садага чаап жиберүүчү абалга жетип калган.

Суроо салган А. Калыкова

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости