www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликке таарынган КСДПнын «үйүрү» 8-июнда корруцияга каршы митинг өткөрүп, ага мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышты. Экс-президент бул сапар дагы үйрөнгөн адаты менен кызыл тилин кайрап, жыртылып бүткөн оозунан ак ит киргизип, кара итти чыгарды. Өзүнүн айдагы менен баспай жалпы элди тандаган Президентти колунан келишинче каралап, «Райымбек Матраимовду коргоп жатат» деп көө жаап, «шайлоодогу миллиондорду кайдан алган» деп тазалыгына шек жаратып, «колхоз башкарууда» деп шылдыңдап, мусулман эмес мунафык деп келекеледи. Эми башкасын айтпаган күндө да, диний ишенимди саясатташтыруу пастыкка жатат. Себеби, ким мусулман ким кафир экенин пенде эмес, бир гана Кудай аныктайт. Албетте, экс-ажону Батукаевдин иши кыжалат кылып, санаага салып жатканы бу сапар ачык билинди.

Тузакка түшөр күнү жакын калганын сезип, чебелектей баштаганы так байкалды. Аны Салянованы жанталашып коргогонунан көрсөк болот. Ал аракети сокурга дагы дайын, каршы көрсөтмө бербесе дегени да. Болбосо Салянованын күйөөсү менен агасына жалган жалаа менен иш козготуп, качырган АША өзү эмес беле? Иниси да АШАнын учурунда киши колдуу болду. Кыскасы, бул киши чындап эле психикалык жактан соо эмес экен. Дарыланыш керектигине биз да ынандык. Анда башкалардын да пикирин угуп көрүңүз, «Алмазбек Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнө кандай комментарий бере аласыз?» деген собол менен кайрылдык.

—Экс-президент А.Атамбаев 8-июнда форумдун алдындагы митингде сүйлөгөн сөзүндө ал адатынча эле тээ асманда, кайсы бир бийиктикте жүргөнсүп турмуштун чыныгы реалдуулугун али да көрбөй, билбей, баамдай албай жүргөндөй түр калтырды. Бул киши али да болсо өзүн Кыргызстандагы чындыктын булагы катары эсептеп, жашоодон алыс экен. Мисалы, Атамбаев саясатчыларды экиге бөлүп карап жатканы анык байкалып турду. Алардын бири Атамбаевдин тегереги жана аны менен азыр да кызматташып жаткандар жана бийликчилдер. Атамбаевдин тегерегинде тургандардын баары ак, И.Ильмиянов, С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимов, Д.Мусакеев баштагандар таптаза кадрлар, ал эми бийлик бутактарында жүргөндөр, парламентте отургандар коррупционерлер, кошоматчылар, чимкириктер, мокочолор ж.б.у.с.

Ошондуктан Атамбаев: «мына бул жерде 10дой депутат бар, алардан башкасынын баары «чимкириктер» деп, бул жолу да парламент депутаттарын «чимкирикке» салыштырып кемсинтти. «Бийлик коррупция менен күрөштү тандалма жүргүзүп, буларды мыйзамсыз камакка алды» деп Атамбаевдин жаны кейип жаткандай болду. Бирок, өз учурунда ошол эле И.Ильмиянов «серый кардинал» болуп, эч кимди көзүнө илбей, саясатты, кадрларды каалагандай калчап жатканда, ММКларда толгон токой сын-пикирлер жарык көрүп жатканда Атамбаев алардын баарын «ушак» деп, «кармагыла, айткыла» деп кагынып-силкинчү эмес беле. Учурунда аларды коргоп, бийликтин күчү менен калкалабай, дароо чара көрүп, аларды туура жолго салса бүгүнкү кейипти кийбейт эле да.

Албетте, Атамбаевдин бул жолку сүйлөгөн сөзү баштан аягына чейин бийликти, С.Жээнбековду жамандап, ага атайылап тийишип, саясий шоу жасаганга аракеттенип жатканы байкалды. Себеби, А.Батукаедин мыйзамсыз эркиндикке чыккандыгы боюнча кылмыш иши жандангандан бери ошол кездеги вице-премьер Ш.Атаханов, экс-генпрокурор А.Салянова ж.о. камалып, кезек Атамбаевге да жакын келип калганы белгилүү. Ошондуктан, ал не бар не жок деген таризде өзүнүн камалышына азыртадан саясий негиз берүүгө далаалат кылгандай сезилди. Баса, коррупцияга каршы күрөш тандалма жол менен жүрүп жатат деген сөздү сиңиргенге аракеттенди, эгер андай болсо Атамбаевдин каршылашы А.Салянова камалбай калбайт эле да.

Булак: "Мантыш"

 

 

 

Последние новости