www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн аптанын аягында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Коррупцияга каршы чыныгы күрөш” деген шылтоо менен митинг өткөрүп, азыркы бийликти өзүнүн шизофреник стилинде болушунча шыбады. 
Ошондогу айткан бир кызык жагдайга токтоло кетели. Атамбаевдин айтымында, 6 жыл бою ошол кездеги губернатор Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп алышып, УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын ошол кездеги башчылары Асылбек Кожобеков, андан кийин Идрис Кадыркулов болгон маалыматты Атамбаевге жеткирбей, жаап-жашырып жүрүшүптүр. Ошонун айынан ал Бажыдагы коррупцияны, Раим Матраимовдун кылыктарын билбей, 6 жыл бою эч нерседен кабары жок отуруптур, бейкапар. Ошондой кызматтары үчүн кийин Кадыркулов УКМКга төрага, ал эми Кожобеков болсо ага орун басар болуп дайындалыптыр.
Логика болбой, кое кал! Атамбаев элди жаш балача эле алдайм деп ойлойт окшойт. Бекеринен Кыргызстанды колхозго, ал эми элди койлорго салыштырып жатат дейсиңерби! Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Асылбек Кожобековду Ошко кан досу Кубанычбек Кулматов, ал эми Идрис Кадыркуловду Абдиль Сегизбаев жөнөткөн. Губернатордун булар менен иши дагы, аларга буйрук бергендей укугу дагы жок, алар түздөн түз борбордук органга баш ийишкен.
Бул боюнча Идрис Кадыркуловго кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди: 
-    Мени Ош облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдиль Сегизбаев жөнөткөн. Аймактарда Антикоррупциялык кызматтын бөлүмдөрү дагы 2011-жылдан баштап ачылган. Бул бөлүмдөр түздөн-түз АКСтин директоруна баш ийишкен.  Ошондуктан Ош облусундагы УКМКнын башкармалыгы маалымат бербей жүрдү деген сөздөр жүйөөсүз. Өлкөнүн Президентине АКС ж.б. кызматтар жетишерлик маалыматтарды жеткирип турушат. Ушундай чындакка дал келбеген маалыматтарды коомчулукка жарыялоо, болгондо дагы ШКУнун Саммити сыяктуу ири эл аралык иш-чаранын алдында – дестабилизациялык фактор деп эсептейм.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости