www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликке таарынган КСДПнын «үйүрү» 8-июнда корруцияга каршы митинг өткөрүп, ага мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышты. Экс-президент бул сапар дагы үйрөнгөн адаты менен кызыл тилин кайрап, жыртылып бүткөн оозунан ак ит киргизип, кара итти чыгарды. Өзүнүн айдагы менен баспай жалпы элди тандаган Президентти колунан келишинче каралап, «Райымбек Матраимовду коргоп жатат» деп көө жаап, «шайлоодогу миллиондорду кайдан алган» деп тазалыгына шек жаратып, «колхоз башкарууда» деп шылдыңдап, мусулман эмес мунафык деп келекеледи. Эми башкасын айтпаган күндө да, диний ишенимди саясатташтыруу пастыкка жатат. Себеби, ким мусулман ким кафир экенин пенде эмес, бир гана Кудай аныктайт. Албетте, экс-ажону Батукаевдин иши кыжалат кылып, санаага салып жатканы бу сапар ачык билинди.

Тузакка түшөр күнү жакын калганын сезип, чебелектей баштаганы так байкалды. Аны Салянованы жанталашып коргогонунан көрсөк болот. Ал аракети сокурга дагы дайын, каршы көрсөтмө бербесе дегени да. Болбосо Салянованын күйөөсү менен агасына жалган жалаа менен иш козготуп, качырган АША өзү эмес беле? Иниси да АШАнын учурунда киши колдуу болду. Кыскасы, бул киши чындап эле психикалык жактан соо эмес экен. Дарыланыш керектигине биз да ынандык. Анда башкалардын да пикирин угуп көрүңүз, «Алмазбек Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнө кандай комментарий бере аласыз?» деген собол менен кайрылдык.

—Атамбаев мурдагы мамлекет башчысы катары жогорку деңгээлде, адамдардын аброюна шек келтирбей сүйлөшү милдет болчу. Кантсе да мамлекет башкарган адам да, тарбиялык мааниде жакшы кеңештерин айтып, жол көрсөтсө түзүк болмок. Тилекке каршы, Президенттен баштап укук коргоочуларга чейин асылып, анын ичинде мага да тийишип, ар-намысыма, кадыр-баркыма шек келтирди. Өтө пастыкка барды. Мен акылына келээр дедим, күттүм, болбоду, арга кеткенде сотко кайрылайын деп чечтим, азыр Жогорку Сотто жүрөм, жол-жобосун сурап жатам. Себеби, Батукаевден акча алган деп ачык каралады. Жалгыз мен эмес, мамлекет башчысын да акча алган деп көө жаап жатат. Кримтөбөлдү чыгарганга азыркы Президенттин кандай тиешеси бар?

Ага Атамбаев экөөбүздүн тиешебиз болушу мүмкүн, Президентти жабыштыруу жалаа да. Амбициясын тыялбай көрүнгөнгө асыла береби? Көчөдөгү аялдардан дагы жаман деңгээлге түшүп калды. Буга караганда Мотуев көп жагынан тартиптүү, парасаты өйдө экен. Кыскасы, экс-президент айткандан кийин туралбайм, сот алдында акча алганымды далилдеп берсин. Мен журналисттер жаңылып калгап экен деп эки жума мурун «Апрель» телеканалын да сотко бергем, көрсө, Атамбаев заказ берип жатыптыр, билдим, эми жөн жатпайм. Алты жыл мурун Т.Акун Батукаевден акчалган деп депутаттарга чейин айтыптыр, күбө боло турган бар.

Азыр А.Салянованы жактап кылтыңдап жатат. Эки жүздүү болбош керек да. Аны депутаттыктан ажыратып, каматкан Атамбаев өзү болгон. Убагында кимдерди гана каматкан жок. Текебаев баштаган саясатчыларды жөн жерден кестирбеди беле. Азыр эмне куугунтук бар? Азыркыдагыдай демократия жок. Атамбаевдин учурунда президентти ушинтип сындаган киши болсо жалган жалаа менен каматмак, жалган үндөрдү жаздырып. Гезиттерди соттоп, айыппулга жыкпадыбы. Азыр каалагынын сындап жатат, бирөөнү каматтыбы? Бирдемени сүйлөрдөн мурун ойлонбойбу?

 

Булак: "Мантыш"

 

Последние новости