www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Табылды агай, Бабановдун Кыргызстанга келүү аракети Жээнбековдун тилин тапса ишке ашабы же Атамбаевге кошулса ойлогон ою ашыгы менен аткарылабы?

– УКМК тарабынан Бабановго президенттик шайлоо мезгилинде Отуз-Адырда эл менен жолугушуу учурунда жасаган билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши ачылган. Ошол учурдагы Бабановдун аракети чагымчылдык, эки элдин ортосуна от жагууга аракет катары бааланган. Бул кылмыш иши жабылышы да өтө эле татаал. Себеби Кыргызстанда бардык тополоңдорду шайлоо учуруна дайындашат. Азыр да бардык тарап келээрки парламенттик шайлоолорду күтүп, дайынданып жатышат. Атамбаев жана башка бийликке таарынган тарап бүгүн эле ачык да, кыйыр да катуу тиреш болоорун билдирип жатышат. Ошондуктан бул маселе оңой чечилбейт. Анткени келечекке кедергисин тийгизиши мүмкүн.

– Бабанов Кыргызстанга инвестиция тартса эле жогору жактан ырайым болуп, жеңилдик берилиши мүмкүнбү?

– Инвестиция алып келсе эле кылмыш иши жабылат деген туура эмес. Анда бардык саясатчылар кылмыш кылып алып, калп эле инвестиция алып келдим демиш болуп оңой кутулуп кете бербейби. Бул мамлекеттик талап (подход) эмес. Бул маселеде бийлик жана эл бир нерсени түшүнүшү керек. Бизге Бабановдун инвестициясы керекпи. Же чыр-чатак керекпи? Көп болсо бир завод ачаар. Бабанов президенттик шайлоолордо утулган саясатчы. Ал өтө көп акча жоготту. Өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бабановдун аркасында башка өлкөнүн олигархтары турганын жазышты. Алар да акчаларынан айрылды, максаттарына жетпей калды. Анын штабы төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталып, бир тобу камалып кете жаздады. Бабанов чоң саясаттан кеттим деген билдирүүдөн кийин анын командасына бир аз жеңилдетүүлөр болду. Бирок эми кайра чоң саясатка кайтып келсе, ал дагы утула турган болсо, шайлоонун жыйынтыктары менен макул болуп олтуруп кала алабы? Же акча жоготуп жаткан бизнесмен катары Бабанов кетип калабы? Маселе ушунда. Чоң саясатта саясатчы бирде утулат, бирде утат. Ал эми бизнесмен акчаны кайсы бир кызыкчылык үчүн гана жумшайт, коротот. Тек коротпойт. Кыргызстанда Бабановду баары эң алгач бизнесмен деп билишет.

– Жээнбеков сөзүнө туруп, коррупция менен күрөштү Бабановдон баштайбы же ортого түшкөндөрдү эске алып, ага аяр мамиле кылабы?

– Бабанов чоң саясаттан кеттим деп билдирген. Аны Атамбаев менен биригет дешкенде да, анын бирикпей тургандыгы жөнүндө билдирүү таратылган. Кийин да ошондой билдирүү тарады. Бирок анын партиясындагы айрым депутаттар Р.Казакбаев, К.Бокоев жана башкалар Атамбаев тарапка ыктап жүрүшкөнүн байма-бай жазып келатышат. Ошол эле саясатчылар тымызын бийлик менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бийликтин алдынан өтүп жатышканын айтып жатышат. Булардын аракеттери Бабановдун позициясына дал келбей жатат. Балким бул депутаттар кийинки шайлоого партиянын кошелогу жок бара албай калабыз деп чочулап, Бабановду өлкөгө алып келүүнү максат кылып алышкан чыгаар. Бабановго кылмыш иши ачыкталган. УКМК ал өлкөгө кирсе камалаарын билдирди. Демек Бабанов камалат. Себеби биздин УКМК Атамбаевдин оң колу Икрам Илмияновду Москвадан АКШга Дубай аркылуу учуп кеткени жаткан жеринен билип калып, кармап алып келип камады. Бабановдун бүгүн Орусияда эркин жүргөнүнүн өзү эле ага кайсы бир деңгээлде жеңилдиктер болуп жатканын көрсөтүп жатат. Болбосо УКМК аны деле Икрамдай кылып бир күнү камап коюшу мүмкүн деген ойдомун.

– Жээнбеков кокус Бабановду аяп койсо сүйлөгөнү башка, жасаганы башка болуп элдин ишенимин жоготуп албайбы?

– Албетте, аяп койсо сөзсүз элдин ишенимин жоготот. Эгер Бабанов сүйлөшүү жолдору менен өлкөгө кайтса, анда эл муну туура эмес түшүнүп калат. Анын жогору жак менен тил табышып алуусу бул бийликтин, Жээнбековдун рейтингине терс таасирин тийгизет. Бийликтин авторитети түшөт. Өлкөдө болуп жаткан коррупция менен күрөшкө кедергисин тийгизет. Ага эч ким ишенбей калат. Коррупция менен күрөш тандалма жүрө баштады деп чыгышат. Бийликтегилер өзүнчө ич-ара сүйлөшүп алышты деген пикир күч алат. Бабановду Атамбаев өзүнүн аракеттерине жараша кылмыш ишин ачтырып, Кыргызстанга кире алгыс кылып койгон. Бабанов туңгуюкка кептелип калган. Ал оңойчулук менен жогору жактын тилин таба албаса керек.

– Эгер алгач укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп бер, калганын анан сүйлөшөбүз десе, Бабановдун Кыргызстанга келип укук коргоо органдарына жооп берүүгө, камакка алынууга даярбы?

– Ал келип, укук коргоо органдарынын колуна түшүп бербейт. Андай болушу такыр мүмкүн эмес. Бабанов бул кадамга барса эмне болоорун жакшы билет. Себеби Акаев-Бакиев доорлорунан бери камалган бизнесмендер, акчалуу адамдардын баары ал жактан бизнестеринен айрылып, таланып-тонолуп кетишкен. Бул нерсе Кыргызстанда өнөкөткө айланып калган. Ошон үчүн Бабанов камалганга даяр болмок тургай, андай тобокелдикке өзүн эч качан салбайт.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Последние новости