www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын чыгышында токтоп турган таксиден зордук-зомбулук менен өлүмдүн тышкы белгилери жок эркек менен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу борбор калаанын прокуратурасынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен орус басылмалары жазып чыгышты.

“Түн ичинде Измайловский проездде токтоп турган такси унаасынын арткы орундугунда 26 жаштагы таксист менен 23 жаштагы аялдын зомбулуктан каза болгондугунун тышкы белгилери жок жансыз денелери табылган. Айдоочунун бир тууган агасы сөөктөрдү унаанын терезесинен көрүп, укук коргоо органдарына кабарлаган. Өлүмдүн так себеби соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен аныкталат”, - деп айтылат маалыматта.

Окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле бул факт боюнча жүргүзүлгөн процессуалдык иликтөөнүн жүрүшүн жана жыйынтыгын аныктоону Измайлов райондор аралык прокуратурасы көзөмөлдөп жатканы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости