www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аэропортто таксисттин өлүмүнө шектелип кармалган адамдардан 100 миң доллардан ашык акча табылган. Акча ээлери али келек элек. Бул тууралуу ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. 

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарында өткөн басма сөз жыйынында Мирлан Каниметов ушул жылдын 25-октябрында жоголгон адамдын сөөгү “Манас” аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы унаанын багажынан табылган кылмыш тууралуу да билдирди. 

“Аталган факт боюнча эки кылмышкер калмалды. Дагы экөөсү издөөгө алынган. 10 күндөн кийин алардын сүрөтү ММКларга чыгарылып, эл аралык издөөгө салынат”, -дейт Каниметов. 

Ал ММКларда өлтүрүлгөн адам ишкер деп маалымат берип жатышканын, бирок ал таксист болуп, кээде курьер болуп иштеп жүргөнүн кошумчалады. 

“Азырынча качан жана канча суммадагы акча Керимовго берилгени тактала элек. Эки шектүүдөн 100 миң доллардан ашуун акча табылган. Айыпталуучулар буга чейин каракчылык жана уурулук менен соттолгон. Акчанын ээлери азырынча келе элек, балким, ал акчаларды мыйзамсыз жол менен тапкан”,-дейт ИИМдин орун басары.

Последние новости