www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Терс факторлорду натыйжалуу жеңип, жогорку адеп-ахлактык коомду түзүп, мекенчил жаштарды тарбиялоо үчүн биз бирге аракеттенишибиз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы иш-чара Кыргызстандын жана Россиянын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдарынын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулганын белгиледи.

Ал дин жана маданият чек араны билбей турганын өзгөчө белгиледи.

«Биздин жалпы тарыхыбыз бар, элдерибиздин менталитети окшош. Биздин коомдордун руханий багыты да окшош. Тилекке каршы, акыркы он жылдыктар арасында биздин бардык мамлекеттерде материалдык баалуулуктардын артынан түшүп, руханий, адеп-ахлактык, моралдык жана этикалык нормаларга залал келтирген көрүнүштөргө туш болду», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Последние новости