www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөткө сындар мөндүрдөй эле жаады. Чындыгында акыркы убакытта аткаруу бийлигинин аткарган ишинин жыйынтыгы жок болуп калды. Бардык тараптан “порожняк” болду. ЕАЭБден кокон тыйынча пайда көрбөдүк, УКМК, ИИМ, деги эле күч структуралары өзүлөрү коррупцияга малынып, чуулгандуу окуялардын чордонуна айланды. Мамлекеттик каттоо кызматы чет элдик издөөдө жүргөн кылмышкерлердин көбүн кыргыз паспорту менен камсыз кылды, бензинге, унга, деги эле бардык керектелүүчү товарларга баалар күн санап өсүүдө.

Экономикада жагдай ушундай, маданиятта бир аз абал ойдогудай болсо керек деп отурдук эле, ал дагы ойдогудай чыкпады. Ал тармак дагы бардык тарабынан шалактайт экен. Дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Жалал-Абад маданият техникумунун абалы боюнча маселе көтөрдү. Депутат шайлоочулар менен жолугушуу учурунда, техникумдун абалы менен таанышып чыкканын, ал окуу жай өтө начар абалда турганын билдирди.

“Кыргызстан боюнча эки эле маданият техникуму бар. Анын бири Жалал-Абад шаарында жайгашкан. Ал жердеги мугалимдер бул техникумду өкмөт унутта калтырып койгон деп айтышты. Имарат 1936-жылы курулган. Эки корпустун чатырынан тең суу агып, китептери начар болуп калган. Андан сырткары музыкалык аспаптарынын дагы баары бузулуп бүтүптүр. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имарат жараксыз деген корутундусун бериптир. Ошондуктан өкмөт буга көңүл буруп, жаңы имарат салууну 2020-жылдын бюджетине киргизүүсүн талап кылам”, - деди Осмонова.

Депутат аталган техникумдун мугалимдеринин айлыктарынын аздыгына да өкмөттүн көңүлүн бурду. “Оштогу Ниязалы Борошов атындагы окуу жайдын, Бишкектеги М.Куренкеев атындагы окуу жайдын мугалимдеринин айлыктары 80 пайызга көтөрүлсө, Жалал-Абад маданият техникумунун мугалимдеринин айлыгы улам айтып отуруп 30 пайызга гана көтөрүлүптүр. Бирок техникалык персоналдын айлыгы калып кеткен”, - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости