www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

(Куттуктоонун тексти өзгөрүүсүз берилди)

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Адамзатты кечиримдүүлүккө жана сабырдуулукка үндөгөн бул айды жалпы мусулмандар жакшы үмүттөр менен күтүп, отуз күндө бири-бирине жалаң аруу тилектерин арноого аракет кылышат.

Айрыкча Орозо айы тамактанууга гана чектөө киргизбестен, жаман ой, жаман жоруктардан да арылууга көмөкчү болот. Бул айдын башка айлардан башкы артыкчылыгы да ушунда.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бир жылда бир келген Орозо айында араздашкандар жарашып, таарынышкандар табышсын. Кемчилик кетиргендер кечиришип, кейиште жүргөндөр кубанычка бөлөнсүн. Дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, адамзат илдеттен кутулсун! Элибизди ынтымак-ырыскы ыроолосун!

Дагы бир жолу куттуу Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости