www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Президент Садыр Нургожоевич! Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн техникалык конопляны өстүрүүгө уруксаат бериңиз! Техникалык конопляны өстүрүүнү биздин коңшу өлкөлөр алда качан эле жолго коюшкан.

Техникалык конопля - бул экономикага ири киреше алып келүүчү өсүмдүк! Бул накотикалык өсүмдүк эмес!

Нефтиден жүздөгөн товар өндүрүлгөн сыяктуу эле, бул өсүмдүктөн дагы жүздөгөн товар өндүрүлөт!

Нефтиден өндүрүлгөн желим бөтөлкө жана желим баштыктардын колдонулуп ыргытылган акыр-чикирлери жүздөгөн жылдар боюу чирип жоголбостугу белгилүү. Кооз жаратылышыбыз булганып, таштандыга толуп бара жатат!

Ал эми техникалык коноплядан өндүрүлгөн товарлар табигый жана аз убакытта чирип жок болуп кетээри белгилүү.

Урматтуу Президент байкем Садыр Нургожоевич! Техникалык конопля өсүмдүгүн өстүрүү менен биз көптөгөн ийгиликтерге жетишсек болот. Мисалы:

Биринчиден - айлана-чөйрөбүз акыр-чикирге толуп кетүүнүн алдын алсак болот;

Экинчиден - элибизге табигый, таза товарларды өндүрүп, колдонууга сунуштайбыз;

Үчүнчүдөн - башка өсүмдүккө караганда көп тармактуу, кайра иштетүүчү сырьёго ээ болобуз;

Төртүнчүдөн - бул өсүмдүктүн арты менен көптөгөн кайра иштетүүчү завод-фабрикалар ачылып, калкты жумуш менен камсыз кыла алабыз;

Бешинчиден - импорт азайып, сырттан келүүчү товарларга көз карандылык азаят. Өзүбүздүн экономикабызда өсүү болот;

Алтынчыдан - сырттан келүүчү күйүүчү майга болгон муктаждыгыбыз дагы чечилет. Анткени бул өсүмдүктөн «биотопливо» өндүрүлөт. Кыргызстан - нефт, газ сыяктуу жанарзаттардан куржалак өлкө. Бирок, техникалык конопляны өстүрүп, «биотопливону» өндүрүүгө эмне үчүн болбосун?!

Албетте, техникалык конопля деген өсүмдүктү өстүрүү - наркотикалык өсүмдүктөргө жол берип коёт деген коркунуч дагы жок эмес! Бирок, тийешелүү министрликтер, күч органдары менен биргеликте атайын механизмдерин жана мыйзамдарын иштеп чыгуу керек! Алгач, атайын пилоттук долбоор катары белгилүү бир айылдарга (дотацияда турган алыскы айылдарга) уруксаат берип, эктирип көрсөңүз. Кайра иштетүүчү заводдорду курууга жергиликтүү ишкерлер эле инвестор болуп кете алышат деп ойлойм!

Алмазбек Сардеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости