www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында эки жаштагы Рамзан Айткулов изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Бала кечээ, 12-апрелде, саат 15:30дар чамасында Өзгөрүштөгү Субан көчөсүнүн №150 үйүнүн жанынан ойноп жатып эле жоголуп кеткени айтылат. Бул маалда өспүрүмдүн энеси менен чоң апасы кир жууп жаткан.

Бөбөктү издөөгө Талас облустук жана Бакай-Ата райондук милициясынан 80 кызматкер, ӨКМден алты куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.

«Алдын ала алынган маалымат боюнча, бала Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн. Учурда дарыянын жээгинде жана токойдо издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кара-Суу дарыясынан да изделүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Милиция эки жаштагы баланы көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Бою болжол менен 55-65 см, дене түзүлүшү толук, чачы кыска, күрөң түстө, көздөрү да күрөң.

Кара түстөгү водолазка, кызыл түстөгү чыптама, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара көлөч кийип жүргөн.

Наристе тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153 жана 102 номерине байланышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости