www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Талант Турдумаматович, азчылык фракциялар өкмөттүн отчетун угуп жатканда сиз «Кумтөр» кени боюнча олуттуу маселе көтөрдүңүз. Өткөн чакырылыштын да депутаты катары сиз бул көйгөйдү абдан жакшы билсеңиз керек...

- Бешинчи чакырылышта Жогорку Кеңештин палатасында ар бир фракциядан өкүл кошулуп, «Ата-Журт» фракциясынын демилгеси менен «Кумтөр» маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. «Ушунча жылдан бери аныкталбаган фактыларды карап, иликтеп чыгалы» деген максат менен. Ал комиссиянын төрагасы болуп Садыр Жапаров шайланган. Комиссия өз ишин жүргүзгөн учурда көптөгөн фактылар чыгып, көз каранды эмес эксперттер чакырылып, ошолор тарабынан баа берилген. Анын негизинде үч экспертиза: экономикалык, экологиялык жана юридикалык экспертиза түзүлгөн. Юридикалык экпертизанын корутундусунун негизинде биз «келишимди денонсация кыла алабызбы, мунун юридикалык жагы кандай?» деген маселе коюлуп, бүт документтерге экспертиза жүргүзүлгөн. Ошол кездеги кадыр-барктуу юристтер катышып, «бул эки мамлекеттин ортосундагы келишим эмес, Кыргызстан менен Канаданын жеке менчик компаниясынын ортосундагы келишимдер, ар бири денонсация болууга мүмкүн» деген тыянак чыккан.

Экинчиси; бул экологиялык маселе. Ал жерде цианидден турган көлөмү бир миллиард куб көл бар. Анын түбүнө целлофан салынган эмес. Көз боёмочулукка капталына жүз метрдей салып, ал эми астына, негизги сарыгып кете турган жагына салынган эмес. «Мөңгүлөрдү ордунан жылдыруунун жана башка ишмердүүлүктөрдүн натыйжасында Кыргызстандын экологиясына келтирилген зыяндын жалпы суммасы 5 млрд. долларды түзөт» деген тыянак чыккан.

Үчүнчүсү, экономикалык экспертиза. Анын негизинде, «Кумтөрдөн» жалпы 260 тонна алтын өндүрүп алынган. Ал эми Кыргызстанга 1 тонна 400 кило (!) гана берилген. Андан сырткары, бир сомдук нерсени 10 сомго сатып алдык, мурда союз маалында эле геологиялык чалгын болгон жерлерди «кайра чалгындадык» деп ашыкча чыгымдарды кылгандары да аныкталган. Бул үч корутунду тең расмий берилип, палатага чыккан. Биринчи күнү депутаттардын көбү колдошкон эле. Бирок, тилекке каршы, экинчи күнү түнү бою депутаттар менен бир-бирден иштешип, биз азчылыкта калганбыз. 35 гана депутат калган. Комиссияны ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевге табыштап, палата «өкмөт текшерип чыксын» деген чечим кабыл алып, биз, парламент материалдарды өткөрүп бергенбиз. Садыр Жапаров нааразылык иретинде митинг уюштуруп, анын аягында чуу чыгып, биз запкы жегенбиз. Садыр Жапаров билген адам катары «элдин байлыгы элге кайтыш керек, мен бул маселени аягына чыгам» деп келгенде «мамлекеттик бийликти басып алган жатасың» деп камап коюшту. Бир сөз менен айткаңда, «Кумтөргө» байланышкан маселени көтөргөн адамдар дайыма куугунтукталып, өзүбүздүн чиновниктер аларга адвокат болуп, эч качан чечилбей келатат.

- Сиздин оюңузча, эрк болсо эле бул маселени чечсе болот турбайбы. Бирок, Сапар Исаков 2009-жылдагы келишимден кийин эчтеке кыла албайбыз деген таризде айтты го?

- Келишим - бул юридикалык акт. Аны бузуу жолдору бар. Эгер жетекчилер аларды колдоп-коштобостон, юристтерди, Жогорку Кеңештеги билген адамдарды чакырып, эл менен чогуу кабыл алган болсо, мен ишенет элем. Бирок, Сапар Исаков 25-августта премьер-министр болуп дайындалса, 11-сентябрда (16 күндөн кийин) кол коюп берип атат. Бул эмнени билдирет? Өзүм билемдик менен бир тараптуу чечкендигин. «Кумтөрдүн» артында чоң коррупциялык схемалар бар. Анын ачылышын эч ким каалабайт. Ошон үчүн эрк керек. Эрктүү адамдар барганда гана бул маселе оң жагына чечилиши мүмкүн.

Керим МУРАС

Булак: АЗИЯnews

Последние новости