www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Таланбек Абдуллаевич, соңку кездерде депутаттардын арасында сиздин дарегиңизге сын айткандар көбөйдү. Мунун себеби эмнеден деп ойлойсуз?

– Мамлекеттик коррупция дегенде бир адамды көрсөтө албайсың. Системадагы бузуктук акырындап- акырындап келип, коомдогу кыйын бир акыбалды түзүп коет. Бүгүн биздин дары-дармек секторундагы проблеманы бааыр эле билет, ошол дары алып келген адам деле арызданат. Анан келип-келип эле “саламаттык сактоо мирнистрлиги карабайт” деп тыйган менин ишим эмес да. Менин ага акым да жок. Ошол эле учурда Кыргызстанга кирген дары- дармектин сапатын ким текшерет? Саламаттык сактоо министрлиги лицензиясын берет, бирок текшерүүгө укугу жок. Текшерүү сөзсүз түрдө арыз болгондо жүргүзүлөт. Албетте, бүгүн ар кандай жаран, мейли ал депутат, чиновник, же карапайым жумушчу болсун, ооруканага барганда кейпи кеткен эски имаратты, эскилиги жеткен кроваттарды, эмеректерди көрө албайт. Койкалар жетишпейт, оорулуулар коридорлордо жатат. Бирок, Европада, Түркияда, Түштүк Кореада кандай экенин телевизордон, интернеттен көрүп турат, ал жакта окуган балдары аркылуу өздөрү да барып-келип атышат. Ошол шартты менден талап кылат. Мына, азыр 2018-жылдын бюджети бекиди. Бюджеттин өлчөмү баягы эле бойдон, көбөйгөн жок. Бул бюджет менен жогоруда мен айткан проблемалардын баарын кыска убакытта чечиш мүмкүн эмес. Ошондуктан, элдин жалпы нааразычылыгы улана берет. Албетте, депутаттар ошону көрүп туруп элдин атынан маселе көтөрөт. Буга терикпеш керек. Бирок, саламаттык сактоо тармагындагы өнүгүү, өзгөрүү бир-эки жылда көрүнө турган нерсе эмес. Он-он беш жылда билинет. Мен сизге бир эле мисал айтайын, азыр жугуштуу оорулар ооруканасы сасык тумоо менен ооругандарга толо. Жайында болсо ичеги-карын оорулар менен ооругандарга толуп чыгат. Жугуштуу ооруларды болтурбоонун бирден-бир кепилдиги – бул таза кол, таза ажаткана, таза суу. Демек эл да мөмө-жемиш жегенде таза жууп жесе, бул проблема болбойт. Мен билем, үч-төрт миллион калк жашаган кээ бир шаарларда жүз койкалуу жугуштуу оорулар бөлүмдөрү толбойт. Анткени, ал элдин жашоо образына байланыштуу. Колду таза жууп, ажаткананы таза кармап дегендей. Дагы бир маселени айтайын, кырк жыл мурда мен окуп жүргөндө Бишкекте беш балдар ооруканасы бар эле. Азыр бирөө эле калды. Ал дагы шаардыкы, аны республикага колдонуп атабыз. Элдин саны болсо өстү. Элдин санына жараша койканы камсыз кыла албасак, сөзсүз түрдө бирөө “жаткызбай койду, орун жок деди” деп арызданат. Ошон үчүн бул проблемалардын чечилиши сөзсүз түрдө экономикага байланыштуу болот.

– Көп кызматкерлерди негизсиз иштен бошотуп салды деген айыптоолорго эмне дейсиз?

– Бошотуп деген жалган. Алты кишинин контрагын узартан жокмун. Андан башка 26 киши шаардан бизге өткөнү үчүн “милдетин аткаруучу” позицияга котордум. Эмне үчүн мындай кадамга бардым? Себеби, шаарда ар бир ооруукананын мамлекеттик актысы болуш керек. Мурда үстүнөн кылмыш иши козголуп, соттолгон эмеспи? Тилекке каршы, шаардагы мекемелердин 95 пайызы мамлекеттик акты албаптыр. Мен сизге суроо берейин: сиз шаардан үй же жер алып атканда мамлекеттик актысы бар же жок экенин карайсыз да, чынбы? Каржы балансы деген түшүнүк бар. “Менин ооруканамдын бир гектар жери, 10 миң чарчы метр имараты, мынча түп багы бар” деген эсеп болуш керек да. Он-он беш жылдан бери ушул ишти кылган эмес. Бул малекеттик мүлктүн акырындап бөлүнүп-бөлүнүп кетишине алып келген. Муну ким талап кылышы керек эле? Албетте, министр. Ошон үчүн мен “керектүү мамлекеттик документацияны бүтүрмөйүнчө, саламаттык сактоо тармагынын жаңы иш берген сатусуна өткөндүгүнө байланыштуу бүт бардыгыңар кайрадан конкурстан өтөсүңөр” дедим. Бул иштен айдоо эмес да. Анан атайын бирөөлөр уюштурган. Анткени, дары-дармек боюнча мыйзамдар көп адамдардын кызыкчылыгына тийди. Даяр долларлар агып аткан да. Биз болсо дарыны нандай эле жеп атабыз, жалганбы? Бирок, элдин эртеңки ден-соолугун ким ойлойт? Себеби, дары-дармекти көзөмөлсүз колдонуунун пайдадан көбүрөөк зыяны бар. Муну бирөө кой деш керек болчу. Биздин жарандарыбыз да ошол системанын бир мүчөсү болуп калышты. Кырк градус ысыкта сатылган дарынын сапаты кандай деп алар да ойлонушу керек да. Жалпысынан алганда, саламаттык сактоо тармагындагы нааразычылык бир күндө бүтө турган нерсе эмес. Бирөө  мага келип, формуласын айтсынчы” ушундай өлкөдө минтип калды” деп. Эң эле жакшы өлкөлөрдөгү реформанын орто мөөнөтү 15-20 жыл. Мисалы, Түркия 2002-жылы башташкан бүтө элек. Бирок, дары-дармек тармагында эң керектүү системаны киргизип алышты. Өлкөгө кирген ар бир таблетканын эсеби бар. Качан, кайдан чыккан, ким алып келди, бажыдын ким киргизди, кайсы жерде турат, кайсы врач рецепт жазды, кайсы оорулуу алды… Кайсы бир оорулуунун абалы начарлап кетсе, кайсы дарыдан улам болгонун бир эле мүнөттө аныктап коюшат. Биз да ошону кылышыбыз керек.

– Сиз 25 жыл Түркияда иштеп келбедиңизби. Алардын тажрыйбасынын кайсы бир жактарын бизде да ишке ашыра алдыңызбы?

– Албетте. Мисалга алсам, 1016-жылы бажы аркылуу расмий түрдө 10 миллиард сомдук дары-дармек кирген болсо, 2017-жылы 14 миллиард сомдон ашык, б.а. 40 пайыз көбүрөөк кирди. Демек элде “контрабанда жолу менен эмес, расмий жол менен киргизбесек болбойт” деген көз караш калыптана баштады. Эми биз ошол кирген дары-дармектерди реализациалоого чейин көзөмөлдөөчү системаны эл, ишкерлер бизге ишенгендей кылып киргизип алсак, дагы бир чоң кадам жасаган болобуз. Бирок, бул оңой милдет  эмес. Анткени, мага болгон карама-каршылык күчөй берет, күчөй берет. Мен жаңыдан келгенде бүт жүрөк оорулар боюнча операцияларды жасатканга чет мамлекеттерге барышчу. Бүгүн чыгуунун кереги жок, мамлекеттик ооруканаларда дагы, жеке ооруканаларда дагы операциялар жүрүп жатат. Мурда гемодиализ боюнча “кезек бер” деп мага Акүйдөн телефон чалышчу. Азыр кезек жок, сапаттуу борборлор ачыла баштады.

Булак: "Азия news"

Последние новости