www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Талас районунун Калбинск айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары биргеликте бир бүтүмгө келип алышып, турак жайларды куруу үчүн жалпы аянты 14 гектарды түзгөн жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен, алдын ала эсептөө боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 55 миллион сомду түзөт.

Учурда, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости