www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БРИКСтин саммитинде түштүк африкалык дипломат Анил Суклал РИА Новостиге БРИКСтин валютасы тууралуу айтууга али эрте экенин билдирди.
"Менин оюмча, БРИКСтин валютасы жөнүндө айтууга али эрте. Биз глобалдык финансылык транзакциялар, дүйнөлүк каржы соодасы жана төлөмдөрдү кантип уюштурабыз деген өңүттө кеңири финансылык инклюзивдүүлүктү куруу жөнүндө сүйлөшүп жатабыз", - деди Суклал.
"БРИКСтеги гана эмес, глобалдык Түштүктөгү өлкөлөр, анын ичинде Африка дагы, биз жергиликтүү валюталар менен соода кылуубуз керектигин айтып жатышат", - деп кошумчалады Суклал.
Ал өлкөлөр бир же эки дүйнөлүк валютага көз каранды болуунун кереги жок экенин баса белгиледи.
БРИКСтин саммити Түштүк Африкада 22-24-августта өтүүдө. Жыйындарга Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда, ал эми Россиянын президенти Владимир Путин саммитке видео форматта катышат. Лидерлердин күн тартибиндеги негизги темалар уюмду кеңейтүү жана улуттук валютага өтүү күтүлүүдө.
БРИКС Бразилияны, Россияны, Индияны, Кытайды жана Түштүк Африканы бириктирет, бирок жакында эле кеминде 19 мамлекет, анын ичинде Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет экономикалык блокко кошулуу каалоосун билдирди. Түштүк Африка быйыл жыл башында БРИКСке төрагалык кылууну Кытайдан өткөрүп алган. Ал 2023-жылдын аягына чейин уланат, андан кийин кийинки өлкөгө өткөрүлөт.
Булак: NazarNews.kg