www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия талибдерди Ооганстан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды. Иш-чара 20-октябрга белгиленгенин РФ президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабуловдун сөзүнө таянып РИА Новости жазды. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып талибдердин чакырылганын тастыктады. Бирок Ооганстандын жаңы бийлигинин делегациясын ким жетектеп келээрин айткан жок.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ооган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Атап айтканда, сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып Талибан өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан.

Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Ооганстан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган. Андан тышкары, ооган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости