www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган судьялары ант берди

Жергиликтүү сотторго жаңы дайындалган бир катар судьялар салтанаттуу түрдө ант берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет. Судьялар президент Садыр Жапаровдун жарлыктары менен биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалган.

Чүй облусу:

— Сокулук райондук сотуна: Садыков Болот Калыбекович;

— Ысык-Ата райондук сотуна: Шабданбеков Болот Турарович;

— Чүй райондук сотуна: Абдрасул уулу Бектур;

— Токмок шаардык сотуна: Акбалаева Нурия Каинбековна;

Ош облусу:

— Кара-Суу райондук сотуна: Мамасалиева Мээрим Жумалиевна;

— Ош шаардык сотуна: Максатбеков Султан Максатбекович; Мойдунов Абдисалам Абылкасымович;

Жалал-Абад облусу:

— Жалал-Абад шаардык сотуна: Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович;

Бишкек шаары:

— Октябрь райондук сотуна: Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жаңы дайындалган судьялардын ишине ийгилик каалап, кармаган анттарына бекем турууга жана таза, адилеттү иш алып барууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости