www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус курулуш компаниялары талкаланган Мариупольду калыбына келтирүү үчүн Тажикстандан эмгек мигранттарын жөнөтүп жатканын "Озоди" радиосу билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстан Республикасынан келген мигранттарга Мариуполду калыбына келтирүү иштеринен акча табуу сунушталган. Макул болгондорго айына 130 миңден 250 миң рублга чейин төлөп турууга убада кылышууда. Эмгек мигранттарына жогорку маянадан тышкары социалдык пакет – убактылуу турак-жай жана үч маал тамак берүү убада кылынган.

Канча адам жөнөтүлгөнүнүн так саны белгисиз. Ал арада тажик элчилиги орус бийлигинен Мариуполду калыбына келтирүүгө тажик жарандарын жөнөтүү боюнча расмий билдирүү ала электигин билдирди.

Журналисттердин айтымында, тажик курулуш компаниялары да Мариуполго куруучуларды тандап, жөнөтүп жатышат.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча Орусияда Борбор Азиядан 4 миллиондой мигрант иштейт: Тажикстандан 1 миллион, Кыргызстандан 1 миллион жана Өзбекстандан 2 миллионго жакын мигрант эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости