www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөмбү, 3-октябрда Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөдө эки жумадан ашык убакыттан бери токтобогон масштабдуу нааразылык акциялары боюнча биринчи жолу комментарий берди, деп билдирет Euronews.

Ал демонстрацияларды уюштурганы үчүн АКШ менен Израилди күнөөлөп, хиджабдарды жулуп, мечиттерди жана полициянын унааларын өрттөгөндөрдүн жүрүм-турумун «анормалдуу» деп атады.

Аятолла Али Хаменеи: "Муну ким пландаган? Американын чет өлкөлөрдөгү бир нече саткын ирандыктардын жардамы менен төлөгөн малайлары менен бирге алдамчы, узурпациялоочу, сионисттик режим экени ачык көрүнүп турат", - деди.

Ирандагы акыркы жылдардагы эң ири нааразылык толкунуна 22 жаштагы Махса Аминини өлүмү себеп болгон. Аялдардын укуктарын коргогон демонстрациялардан баштап, нааразылык акциялары тез эле 1979-жылдагы Ислам революциясында орнотулган режимди кулатуу талабына айланды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости