www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таштанды чыгарганга тарифтерди көтөрүү сунушун «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жаңы жетекчиси Султан Алыбаев койду. «Алыбек алына жараша» -дейт Алыбаев келе элек жатып тарифтерди көтөргүсү келгени туура эмес. Жакында «Тазалыкта» митинг болуп мурунку жетекчиси Азат Сагынов ишинен бошотулган. Вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин айтуусунда бул митингге катышкандардын 30-35 пайызы бул ишканада иштебегендер экен. Кишинин санын көбөйтүү үчүн жүрүшкөндөр, Азат Сагынов бул ишканага бөлүнгөн бензин менен өзүнүн, аялынын, бир туугандарынын машиналарына май куйчу. Муну билип калган вице-мэр Жамалбек Ырсалиев: «Эмне үчүн чоочун машиналарды «заправкалайсың?» -деген суроосуна,ал: «Бул менин лимитим кимди «заправкаласам, өзүм билем» деп кекетип койгон.
Бишкек мэринде Атамбаевден калган төмөнкүдөй коррупциялык схемалар болгон. Бишкек шаарында төрт комбинат бар. Алардын ар биринде 45-50 дөн таштанды ташыган машиналар балансында турат. Ар бири машина күнүнө 40, 60 литрден күйүүчү май корото турган. Мыйзам боюнча ал машиналар күнүнө үч рейс жасаш керек эле. Бирок мэр болуп кимиси келбесин, баягы эле таштанды ызы-чуусу басылчу эмес. “Таштандыны жеңиш мүмкүн эмес экен” деген мэрди да көрдүк. Кантип жеңет эле, эгер келген мэр өзү күнүнө 10 миң доллардан «сол чөнтөккө» солоп жатса?
10 миң доллар кайдан чыгат? Ошол эле ар бир райондогу төрт комбинаттагы эки жүздөй машинеге ар бирине 60 литрден солярка бөлүнөт. Алар үч рейс жасаса, анын бир рейси мэр үчүн болчу. Ошондо мэр күнүнө 10 тонна солярканын акчасын чөнтөгүнө салчу. Ошол кезде солярканын литрин 40, 45 сомдон эсептегенде эле мэр күнүгө 10 миң долларды сол чөнтөгүнө салчу. Дем алыш күн деген жок да. Ошондо ушул жерден эле 300 миң доллар сол чөнтөккө кетчү. Эки рейсин акимдер менен орунбасар акимдер жешет, бир рейсин комбинаттын начальниги менен шопур жейт. Мэр баштап жеп атса, алар карап отурмак беле? Ошентип жеп атышып, шаардын таштандыларын үч күндө бирден чыгарып калышкан. Анан шаарды таштанды басып калган. Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ушул системаны талкалап, таштанды төккөн жерге камера, тараза койдуруп, машиналарды текшерип турганы жакшы. Бир жумада бир жолу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев өзү текшерип турат. Ошондо машиналар жанталашып иштеп кээ бири бир, кээси эки рейстен каттап калышты. Ошону менен шаар тазаланып калды. Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев иштеп турган учурда таштанды ташыгандар алардын ордун жууп туруп кетесиңер деп шарт койгон.
Ондогон жылдар бою Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу боюнча айтылып эле келет, эл аралык донорлор каражат да бөлүшөт. Убагында аны курууга 22 миллион евро келген. Аны кийин жеп алышты окшойт, дайыны чыкпай калды. Буга эч ким жооп берген жок. Ошол заводдун баасы көп болсо 15 миллион евро турат. Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Азиз Суракматов, Балбак Түлөбаев жана башкалар мэр боло калышып же таштанды заводдон жок, же бул заводду курууга келген 22 миллион евродон жок, жалдырап кала бердик.
Ушул каражаттын кайда кеткенин буюрса УКМК териштирип чындыгын айтар. Бишкекке таштандыны тоголоктой турган бир трактордун алынып келгенине беш жыл болсо да, ал ушу күнгө чейин бир да жолу от ала элек. Бирок ага күнүгө 200 литр солярка кетти деп, мамлекеттик бюджеттен акчаны жок кылышат. Ушундайларды жасап жатсак, анан кантип оңолобуз?
Таштандылар көбөйүп жатышынын себептери булар: Ар бир бишкектик жыл сайын 200 кг катуу күнүмдүк калдыктарды ыргытышат. Жер шаарында эң көп санда таштандыларды таштаган Америкалыктар жыл сайын 600 кг таштандыларды таштайт. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 100 – 190 кг ды түзөт. Бардык мамлекеттерде Катуу күнүмдүк калдыктарды составы; кагаз, айнек, тамак аш калдыктары, жашылча –жемиш бактарынан чыккан таштандылар, пластмасса, металл идиштер. Мындан башка да иригабариттик таштандылар; эски мебел, эски муздаткыч, эски Кир жуучу машина, автомобилдин шиналары. Мындай калдыктарды кайра иштетип чыгаруу экологиялык жактан абалды жакшыртуу болоор эле: эски кагаздарды – макулатурага тапшыруу, автомобил шиналарынан – крошкаларды даярдап спорт аянтчаларына пайдалануу, органикалык калдыктардан жер семирткичтерди өндүрүү жердин сапаттуулугун жогорулатуу, пластиктерден желим чылапчындарды даярдоо дагы башка ушу сыяктуу кайра иштетүүнү колго алсак жакшы болмок.
Катуу күнүмдүк калдыктарды жок кылуунун 3 негизги жолу бар:
1. Көмүү.
Бул эң эле антиэкологиялык вариант. Себеби көмүлгөн калдыктар сууга токсикалык заттарды бөлүп чыгарат. Абага метанды бөлүп чыгарат. Ошонун негизинде парник эффектиси пайда болот. Парник эффектиси бүгүнкү күндө глобалдуу проблема. Себеби дүйнөлүк температураны 20%ке жогорулатты. Көмүүнүн дагы бир жолу полиэтилендерге ороп көмүү сууга токсикалык заттар азыраак чыгат, бирок атмосферага метан баштагыдай эле тарай берет.
2. Өрттөө.
Калдыктарды өрттөө менен аз да болсо энергия алабыз. Мисалы 1 тонна таштандыдан 400 кВт энергия бөлүнүп чыгат. Бирок бул вариант жашоо үчүн пайдалуу эффект бере бербейт. Себеби атмосферага түтүн чыгып ышка айланат да адамдын дем алуу жолуна терс таасирин тийгизет. Ошондуктан акыркы 20 жылдын ичинде Америкада өрттөө жолу 20%ке төмөндөп, мусор өрттөөчү заводдор жабылган.
3. Сорттоо жана кайра иштетүү.
Бул эң негизги экологиялык вариант. Биринчи кезекте сууга жана атмосферага зыяндуу заттар тарабайт. Экинчиден – кайра иштетилген товарга керектөөлөр токтобойт. Экинчилик сырье кагаз, айнек, пластик, алюминий, түстүү металдар жана башкалар жашообузда керектелүүчү бумдар жасалат. Мусорлордун үйүлүшү түрдүү жагымсыздыктарды алып келет. Кемирүүчүлөрдүн көбөйүшү, алар түрдүү инфекциялык ооруларды таратат. Айлана чөйрөнүн булганышы эпидемиологиялык – токсикалык коркунучту алып келет. Абага метан бөлүнүп чыгат, атмосфера жабыркайт, күкүрт газы бөлүнүп чыгат. Топуракка жер астында сууларга металдардын аралашмасы, полихлорбифенилдик – диоксид, инсектицид жана башкалардын каптоосу 1,5 км аралыктан таштандылардын таасири тийет. Шаар таштандыларына жакын жердеги топуракка жер астындагы сууларга мышьяк, кадмий, хром, коргошун, сурма, никель калдыктардын 600 эсе коркунучтуу түрлөрүн ыргытабыз: Пестицид калдыктары химиялык бузулуучу заттар, радиоактивдүү калдыктар, атом электростанцияларынан чыккан калдыктар, сурма жана анын бирикмеси химиялык өндүрүш калдыгы, мышьяк жылуулук электр станцияларынын калдыктары, коргошун бирикмеси нефт иштиетүүчү жана лак краскалык өндүрүш калдыгы.
Ошондой эле күнүмдүк керектөөдөн чыккан калдыктар: батерейка, иштетүүдөн өткөн медикаменттер, ядохимикаттар, өсүмдүктү сактоо үчүн иштетилген калдыктар, лактын калдыгы, косметика калдыктары, тен, лак, жидкость же тырмак краскасын өчүрүүчү суюктук, үй эмеректерин тазалоочу заттардын калдыктары, тазалоочу порошок, айнек күзгү тазалоочу заттардын калдыгы, дак кетирүүчү лактарды калдыгы, аэрозол, сурмалык термометр.
Жогорудагы калдыктарды жоготуу үчүн эрежелерди туура сактап, көмүү же өрттөө керек. Эгер бул заттар жер бетинде калып калса алардын абага тароо же бузулуу мөөнөтү мындай: кагаз 2-10 жылга чейин, консерва – 90 жыл, тамеки фильтри – 100 жыл.
Учурда дүйнө жүзү боюнча 600 млн автомобил эсептелинген. Алар суткасына 3,5 -4 кг угар газын бөлүп чыгарат. Ошондой эле бензоколонка, заправкалардын көбөйүшү да Бишкектин, калктын- ден – соолугуна терс тасрин тийгизүүдө.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg