www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков кыргыз тилдүү гезиттердин бирине маек берип, парламенттик шайлоого бараарын бирок кайсыл партия экенин так аныктай албай жатканын билдириптир. Тагыраак айтканда КСДПнын айланасындагы талаш маселеге сырттан баам салып, партиянын тагдыры кандай болот, кимдин колуна өтөт, ошого жараша иш кылаарын, партиянын тагдыры бир жаңсыл болгондо гана аралашаарын билдириптир.

Өзү ошол партиядан депутат, спикер болгон киши кыйын кезде партиянын тагдыры боюнча калыс сөзүн айталбай, сырттан баам салып байкап турган Чыныбай мырзанын бул кылыгы адамкерчиликке жатабы? Турсунбековго окшогон саясатчылар чечкиндүү кадамдарга барып, жаңы менен эски Ажолордун ортосунда калыс пикирин айта албай, четтеп турса, анда иштин бүткөнү ошол эмеспи...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости