www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кулжадагы адам соргон Үчкөл

Жайлоого чыга элегиме көп болду. Чиркин, жыл сайын сессия бүтсө отпуска алып жайлоого чыгып бир эс алып, дүйнө түрдүү боёкко боёлуп, түрдүү кызыкка толгон балалыгымды эстеп келем деймин. Бирок көр тирилик деген жаман тура, бир мойнуңа илинген соң колдон, буттан чырмап жылаанча оролуп алат. Сайдан сайга шаркырап аккан ак көбүк сууларын, кымыздык, ышкын балдырканын, түркүн түскө боёлгон көк шибердеги гүлдөрүн, кулактын кычуусун кандыра сайраган түр-күн куштарын, жер астынан бүлк-бүлк эте кайнап чыккан, көзүн тазалай салсаң кубанычтуу үн чыгара сызылып аккан булагын, баарынан да тигил беттен бул бетке кулунчакты ат кылып минип алып чымылдай чуркаганымды эстесем ызы-чууга, көчөдө гүүлдөгөн машине үнүнө, түтүнгө толгон шаарда бир мүнөт да тургум келбей кетет.

Үчкөл деп коюшат биз чыкчу жайлоону. Ар жылы жер жарылып көк чыгып, табийгат узак уйкудан силкине ойгоно баштаганда жайлоого көчөбүз. Сууга жакын тыпыя тигилген боз төбөл үйүбүздү кырдан карап алып кубана берем. Үйдүн жалгыз эркегимин, менден улуу эки эжем, бир карындашым бар. Төртөөбүз биригип алып сайдын үигө жакын жерине таш тизип тосуп, көлмө куруп алмай адатыбыз бар. Таштарга тайгалана тырмалаңдаган бизди көрүп боору ачып кетеби, айтор атам дайыма коңшулаш досу экөө чоң-чоң таштарды оодара салышып бизге үй ордундай көлмө тосуп беришет. Көлмө тосулган күндөн тартып биздин үйдө майрам. Апамдын «тамак ичип алчы» деп суранганына карабай, көк муштум болуп тоңуп калгычакты суудан чыкмай жок. Көз алдыңда сууда ойногонума апам да көңүлү тынч. «Мейли түшө берсин, бала эмеспи» деп коёт. Апамдын чоочулаганынча бар.

Биз отурукташкан колоттон өтүп кийинки сайга түшүп күн батышты көздөй 10-15 мүнөтчө өргө карай жүрсөң теп-тегиз жерге туш болосуң. Кокту-колоту өөдө-ылдый тоодо ушуут жерди атайы бирөе тегиздеп кои-гондой. Баарынан кызыгы, ушул жерде жаандын тамчысындай туптунук үч көл жатат. Чоң эмес, орточо, бири-бирине жакын, бирок туташып кетпеген ушул көлдөрдөн улам жайлообуз Үчкөл аталып калыптыр. Табийгаты ажайып кооз көрүнсө да тигил жаткан көлдөр, аны курчай карап турган аскалуу тоолор өздөрүнө кандайдыр улуу сырды камтып тургандай апкаарый түшөсүң. Аркы, берки сайларда канчалык алай-дүлөй түшө жаан жааса да, ушул жердин купуя сырын ичине ката мемиреген тынчтыгы бузулбайт. Жаан ашып кетсе он беш мүнөттөй жаап өтүп кетет. Андан кийинки ажайыпты көрүп ал. Тынбай сайраган куштар да мемирей тынчып калышат бул тапта. Анан көлдүн тээ адам бара алгыс тик жарга такалган жагында күмүш жондорун жылтырай күнгө чагылыштыра, боорлорун агартып балыктар секирип ойной башташат. Түрдүү эл оозунда аңыз болгон кептерден, андан да ушундай жүрөк үшүткөн сүрүнөн улам бул тегиз, суусу жанында, тиричиликке ыңгаилуу жерге эч бир жан жайлабайт. Атүгүл булт-булт эте сууда ойноп жүргөн балыгын кармап жегенге батынбайбыз. Сууга түшүп бир аз эле бассаң бутун жумшак балкылдаган нерселерге урунат. Алар баткак же балырга окшобойт. Андан ары кескин тереңдеп кетет. Көптү көргөн карылардын айтымында көлдөрдүн ортосунда чоң айлампа бар экен. Кыйынчылык болоор жылдары алар жээкке жакындап келип, сууга түшкөн жан-жаныбарды тартып кетет экен. Көлдөрдүн айлампасына сорулуп кеткен адамдардын эч бирин таба алышпайт. «Бул көлдөрдүн түбү жок. Тигине карагылачы, шаркырай буркан-шаркан түшүп үч чоң сайдын суусу агып кирет. Ар жагынан бир тамчы суу агып чыкканын көрө албадым. Аркы жээктери жалаң адам баралгыс жалаңдаган аскалар менен курчалган», - дейт жергиликтүү карыя Осмон ата.

Алар да байбичеси экөө бизге коңшу чыгышкан. Эртели-кеч ал атамды ээрчип алып кызыктуу аңгемелерин угам. Кызыккан ар нерселерди сурай берем.

-  Түбү жок да көл болобу, анда балыктар кантип жүрүшөт, ошол айлампага тартылып кетпей?

-  Ээ, балам, мунун баары Алла Тааланын буйругунандыр. Балыктар ушул көлдүн бирден-бир жашоочулары. Суунун ичинде кандай

күн өтүп атканын кайдан билебиз. Бирок айлампа адамды жөндөн жөн тартпайт. Ал көлдүн ээсине акараат кылганды, касиеттүү жерди тебелеп-тепсегенди тартат.

- Бул жер жөн жер эмес. Касиеттүү жер. Жараткандын назары түшкөн жер. Тырталактап чечинип алып чумкуп ойной турган эмес, зыярат кылып сыйына турган жер. Ушул кыздын көз жашындай мөлтүрөгөн үчөөнүн тээтиги четкисин көрүп турасыңбы? Ошого колу-бутуна, денесине жара чыгып, жаны кыйналгандар келишет. Ал суу менен жараны үч ирет чайкаса сен көр, мен кер айыгып кетет. Бул четкисине бети-башын мен, сөөл каптаган, жанагы ала деген айыкпас дартка кабылгандар келишет. Ал эми ортонкусу ыйыктардын ыйыгы. Бул көлгө зыярат кылып, Куран окуп, суусуна жүзүңдү чайысаң багы ачылбай жүргөндөрдүн иши оңолот, бала-сыздар бала көрүшөт. Жанагы бул жерди көңүл ачуучу жер кылып, көзүнө эчтеке көрүнбөй сууга түшөм деп көпкөңдөрдүн касиеттүү ыйык жердин ээсине жакпасы түшүнүктүү да. Аларды айлампасына сордура, дымын чыгарбай алып кетет. Андан ары жер үстүнө чыгарбайт. Ошондуктан эсиңде болсун, балам. Кайсы учурда келбегин, ыйыктардын ыйыгына, ушул көлдүн ээсине, мында өткөн-кеткендерге багыштап куран окуганды унутпа. Көлдү ылайлантпай, ал жакка даарат ушатпай, тебелеп-тепсебей таза сактасак бул жердин ээсинин пайдасынан бөлөк зыяны тийбейт бизге.

Мына ушундай кеп-кеңешин айтчу Осмон атанын оо дүйнөгө кеткенине көп жыл болду. Кийин-ки кездерде атеистпиз деп элибиз-дин мүнөзү кыйла өзгөрдү. Ошол Үчкөлгө барып балык уулап, арак ичкендердин саны көбөйүп кеткен бир кездерде. Ошондо катарынан төрт адамды соруп кетти дешет алардын достору. Шаардан чогулуп алышып эс алганы барышкан экен бала кездеги достор. Анан көптөн бери көрүшө электигин белгилей ак моюнду сындырышып, майрам андан ары уланып, чоң-чоң килеңдеген балыктарды кармап отко какташып закуска кылышып, кызып алган немелер көлгө түшмөкчү болушуптур.

Тоо жаңырта каткыра күлүшүп, алдыда бараткан Курманкулдун күлкүсү биринчи басылыптыр. Суу астынан бир нерсе тартып жаткандай жанталашкан жигитке достору шашыла сүзүп келишкенде жигиттин дымы чыкпай калган эле. Абадан кере жутуп алып досун эртерээк алып чыкмакка суу астына чумкуган үчөөнүн да ошол боюнча дымдары чыкпайт. Аялдары, балыктан шишкебек жасап жүргөн эки досу алар чыкпай калган жерге сүзүп бармак түгүл, сууга бут сала алышпай калтырап-титиреп ооздорунан келмелери түшүп, айылга араң жетип келишиптир.

Атайы чөккөндөрдү алып чыгуучу адистер келип да төртөөнү таба алышпаптыр. Ошол адистердин айтымында ортоңку көлдүн түбү өтө терең экен. Тактап чыгуу татаал экендигин, ал жерден канчалаган километр тереңдикте болушу мүмкүндүгүн айтышыптыр. Бул жүрөк титиреткен кырсыктан соң, калың эл ал жерге ойноп эмес, көпке чейин зыярат кылганы да барбай калышкан. Эгемендүүлүк колго тийип, өткөнүн унуткан, тилин, динин унуткан мезгил тилкесинен өтүп, эли-биз мурунку рухий байлыктарына көңүл бура баштабадыбы. Көптөн бери эл каттабай калган. Үчкөлдүн эки четиндегилери кадимкидей соолуп калыптыр. Мурдагыдай эмес, үй ордунан чоңураак эле көлөмдө калыптыр дешти көрүп келгендер. Ал эми ортоңкусу мурдагы эле калыбында экен.

Сакиш Мурат уулу, Кара-Кулжа району

Булак: Шамбала

Последние новости