www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды реконструкциялоо жүрүшүндө мамлекетке 247 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште айтты. Башкы прокурордун айтымында, тарых музейин оңдоодо 101,6 млн. сом, ат майданды оңдоодо 145,9 млн. сом зыян келтирилгени аныкталган.

Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге Кылмыш кодексинин 303-статьясы менен күнөө коюлду. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атабеков, Айдарбек Мендеев.

Булак: "Фабула"

Последние новости