www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анда менин балалык кезим, Союздун күркүрөп өсүп турган учуру. Бир бош адам жок, баары иш менен алек болуп кол-хоз-совхоздор, завод-фабрикалар тынымсыз иштеп, иштеген кишилер дагы таза коррупция эмне экенин билбей чынчыл адамдар эле. Андан дагы өкмөт кандай иш тапшырса бай ийип айдаган жагьша кете беришчү эле.
Апам колхоздун конторунда бухгалтер болуп иштеп жүрүп март айында кой туудуруш үчүн киши жетишпеген эске алынып сакмалга айдалды, Анан март айындагы каникул-да мен дагы апамдын жанына бардым. Алтынчы күнү табактан чыкканда эле мен апам сакмалга барган Таш-Сарайды көздөй жөнөчүмүн. Бул жолу абдан кубанып алгам. Анткени он чакты күн сарайда болом да.
Андан дагы жаңы турган козуларды жакшы көрчүмүн. Эртең менен кечинде козуларды энесине салганда козу кубалап кармаган өзүнчө бир иш, кудум качма топ ойногондой эле болчумун. Кээде козусун жериген койлорду кармап, эмизчүмүн. Негизи эле сакмалда майда барат иштерден кол бошочу эмес. Андан дагы кезекте тургандар күндүз мени жумшап коюшчу койлорду кара, “тууганы болсо айтып кой” деп. Ал эми кеч киргенде сарайга жалгыз кир-генден коркчумш. Анткени сарайдын ээси ак буура деп айтканын угуп калган элем да.
Бир күнү Азамат деген байке түнү кезекке туруп калды. Ал деле керүмчү деген немеге ишенчү эмес, андан дагы аскерге барып келип өзүн кыйын сезип жүргөн кези болчу. Мурунку күнү эле карылык айылына баш багып калган Айша эже аткан "Таш-Сарайдын ээси ак буура" деп айтканына ал каткыра күлгөн, ишенбей койгон “кайдагы жомокту айтасыз” деп. Чынын айтканда Айша эже туура эле сөз айтканына мен бала болсом дагы ишенип муюп калган болчумун. Айтылган кеп бар эмеспи “күлгөнгө күлүп жеткирем" деген. Ансыңары Азамат байке ошол күндөн кийинки түнү кезекке туруп, түн бир оокум болуп калган кезде биз жаткан бөлмөгө чур-кап кирип келип эле бон - боз болуп ак чүпөрөктөй өңдөн кетип туруп калса болобу. Бул байке же бир сүйлөсөчү, оозунан сөзү качып, катуу корккону келбетинен эле билинип турду. Аңгыча эле койчу дагы кайдан-жайдан ким билет кирип келип калса болобу. Ал келгенде барыбызга жан кирди, Койчу орто жашка барып калган, күпүлдөп сүйлөгөн, толугунан келген киши эле. Азамат байкеге катуу кайрыды:
-Ой, Азамат, сага эмне болду? - деп. Ошондо гана Азамат байке сөзгө келди:
- Айша эже, сиз абдан туу-ман көзү менен карап алды да:
- Ой, Азамат, сен эмне деп эле жатасың? Мен азыр эле айылдан ат менен келбедимби, эмне үчүн ал ак буура мага көрүн-гөн жок. Андан көрө атты отко коюп кой, мен азыр атты аса байлап койдум. Анан эки сааттан кийин ээр токумун алып бир боо чөптү алдына салып койгондой бол. Азамат байке эч еөэгө келе албай туруп: -Байке, мен эмнеге кали айтат элем, ак буура мага кадимкидей көрүндү. Айша эже сөзгө га басты. Койчу үйүнө кеткенде мен дагы Айша эже менен Азамат байкени ээрчип артынан жөнөдүм, караан болуш үчүн. Биз жаңы тууган койду сарайдын ичине киргизип киндигин кесип оозандырып коюп үйгө кирип келе жатканда ак буураны менен сарайдан окчун жерде турганын көрдүм, бирок корккон жокмун. Балким мага жөн гана көрүндүбү ким билет. Ошол күндөн баштап сарайга жалгыз жарым барбай калган элек. Андан бери азыр кеминде кырк жылдай убакыт өттү, бирок дале ал сарайдын ээси Ак буура элдерге көрүнөбү аны так айтып болбойт. Андан дагы дыйкан чарбага өткөну сарайларды элдер бузуп кетип бүтүн нерсени бүлдүрүп салышпады-бы. Кийин ошол сарайга барып абдан боорум ооруду. Анткени баягы гүлдөп турган сарайдын келбети кетип кальштыр болучу. Балким сарайдын ээси таа-рынып кетип калганбы айтор аны ачык айтканга да болбойт, Канча кишинин эмгеги короп курулган сарайды талкалап бузуп кеткени жүрөк оорутат. Андан дагы эски кишилер айтып калышчу эле ыйык жерлердин ээси болот деп. Ал сарай балким ыйык болгон чыгар. Анын себеби жалаң таш менен салынган эле да. Бир жаман жери ошол кездеги көзгө то лум-дуу бышык салынган сарайдан азыр болгону дубалы эле калса керек. Азыр дагы ошол кездеги болгон окуя коз алды-ма элестей берет. Бирок убакыт баарын карытат деген кет бар эмеспи, азыр заман жаңы, айткан менен айылдагы балдар деле ишенишпейт. Негизи эле илгери ар бир имараттын ээси болот деп көп айтылчу эле. Эл көбөйгөнү андай сөздөр дагы айтылбай калды.
Асанкан Мүдүнов,
"Шамбала" гезити