www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев Акылбек Жапаровго кайрылып, сиз иштегенди билесиз, акылдуу сунуштарыңыз көп, ошол эле учурда акылга сыйбаган демилгелериңиз да аз эмес экенин айтып коюшум керек. Мен сизди колдойм, бирок акылга сыйбаган идеяларыңызды колдой албайм.

Адамдык капиталдын кетип жатканын эмне кылабыз? Саламаттык министри аконитти ичүүнү сунуштаса, башкалары коррупционерлерди кустуруп, андан кийин алар менен бирге тойго барып, бир столдо отуруп жатышса, жаштардын көңүлү калып, үмүтү үзүлүп, өлкөдөн кеткиси келет экен.

Жаштарга ушундай үлгү көрсөтүлүп жатса эмне кылышыбыз керек? Өзүңөр жакшы үлгү болуп берсеңер жакшы болмок, деди депутат.

Ага Камчыбек Ташиев жооп кайтарды.

"Сын айтуу жакшы, сын айтылганда биз алдыга жылабыз. Бирок каралоо жаман көрүнүш. Бул сизге эч кандай дивиденддерди алып келбейт. Шайлоонун алдында сиз упай топтоп жатасыз, биз эмес. Бир жыл ичинде кандай иштерди жасагандыгыбызды айтып кетейин. Бир жыл ичинде УКМК 7,5 млрд сомго чукул чогултту. Акыркы 10 жылда болгону 5,9 млрд чогулган экен.

Ошол сумманын 3 млрды бир компаниядан алышчу. А биз 1-2-3 миллондон коррупционерлерден чогултуп отурдук. А силер ошол кезде аларга сөз айтмак тургай, шыбырай да алчу эмессиңер. А биз алардын бардыгын кармадык. Дагы кармайбыз. Коррупция менен алектенсе, менин менен тойго барабы, куран окутууга барабы, бардыгын жазалайбыз. Анын ичинде сизди дагы.

Эгер мыйзам бузсаңар, ушул жерде менин жанымда отурганыңарга карабастан кармайбыз. Ошондуктан дагы бир жолу айтам, кыргыздарда ушундай салт бар. Чогу тойго барабы, куран окутууга барабы анын менен досмун дегендик эмес. Эсиңерде болсун, сын айтканды да билиш керек. Ошондуктан Дастан Далабекович, сизден бир да жолу пайдалуу сын уккан эмесмин. Ар дайым керек эмес нерселерди айтып, сындап чыгасыз. Андан көрө өлкөнү кантип оңдош керек, ошону айтып бергиле. Биз азыр камикадзе сыяктуу иштеп жатабыз, мурункулар талкалаганды оңдоп.

Алардын катарында сиз да барсыз, акыркы он жылдан бери. Ошондуктан сын айтып жатканда кантип оңдош керек айтыңыз. Биз аны аткарганга даярбыз. Анан бул жерге отуруп алып эле бирөөнү жамандасам, жакшы көрүнүп калам деп жатасызбы? Ушуну менен коомду бузуп атасыңар.

Мен сизге каршылыгымды айткан жокмун. Башкаларга үлгү болуп атпайбы бул дагы. Балким, мындай иш чараларга барбай эле коесуз? - деди Бекешев.

"Бир жылдын ичинде биринчи жолу тойго барсам, ошону да көрө албайсыңар. Күндө барып жаткан жерим жок. Бир жолу тойго бардым, ошондо да Райым Матраимов менен бир столдо отурган жокмун. Андай боло турган болсо деле, анын эч жаман жери жок.

Анткени ал башкалардан айырмаланып, 2,5 млрд сом төлөдү. Эгер анда башка мыйзам бузууларды аныктасак, андан ары да төлөй берет. Эч ким ага крыша болуп бербейт. Бирөөнү чукулап, мамлекетти жаман жака тартып жатасыңар. Сындагандан көрө сунуштарыңызды айтпайсызбы, деп Ташиев нааразы болду.

Дастан Бекешев анда сунуштар көп экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости