www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин башкы байлыгы эл болуп эсептелет. Элдин ден-соолугу өзгөчө маанилүү. Мындай пикирин депутат Шаирбек Ташиев бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акыркы убактарда, айрыкча кыз-келиндер арасында электрондук чылым чеккендер өтө көбөйдү. 

Бул тамеки Кытайдан келет жана анын курамында кандай заттар бар экени эч ким билбейт. Белгисиз бир суюктуктар кошулаары айтылып жатат. Азыртан бул маселени көзөмөлгө алуу керек. 

Бизде Саламаттыкты сактоо министрлиги десе эле ооруну сакайтуучу деп түшүнбөө керек. Биз ооруну алдын-алышыбыз керек. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу абзел. Ал үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ, Билим берүү министрлиги жана Улуттук телерадио компаниясы менен биргеликте түшүндүрүү иштерди жүргүзүп, тарбиялык маанидеги роликтерди жайылтышыбыз керек", - деди эл өкүлү.

ДепутатТашиев ошондой эле, кесиптештерине аталган маселе боюнча мыйзам долбоор даярдоону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости