www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусундагы №51 Кесиптик лицейдин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүнү облустун Манас райондук прокуратурасы жүргүзгөн.
Аныкталгандай, лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстандын аймагында болбогон абитуриентти кабыл алышкан. Ошондой эле, сабакка катышуу табелдерине жалган маалыматтар киргизилгендиги аныкталып, окууга келбеген 3 студентке орто кесиптик билим тууралуу диплом берилген.
Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Булак: NazarNews.kg