www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев улуттун саламаттыгына байланышкан ѳтѳ актуалдуу маселени кѳтѳрдү. Түшүнгѳн адамга чоң коңгуроо кагылды. Бул жагдайга олуттуу кѳңүл буруу мамлекеттик милдети.
Шаирбек Ташиевдин: "Акыркы убактарда, айрыкча кыз-келиндер арасында электрондук чылым чеккендер өтө көбөйдү. Бул тамеки Кытайдан келет жана анын курамында кандай заттар бар экени эч ким билбейт. Белгисиз бир суюктуктар кошулаары айтылып жатат. Азыртан бул маселени көзөмөлгө алуу керек. Бизде Саламаттыкты сактоо министрлиги десе эле ооруну сакайтуучу деп түшүнбөө керек. Биз ооруну алдын-алышыбыз керек. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу абзел. Ал үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ, Билим берүү министрлиги жана Улуттук телерадио компаниясы менен биргеликте түшүндүрүү иштерди жүргүзүп, тарбиялык маанидеги роликтерди жайылтышыбыз керек", - деп таасын айтты.
Чынында эл ѳкүлүнүн айткан сѳзүндѳ жан бар. Улуттун ден соолугу маанилүү. Кыз-келиндер улутубуздун уңгусун улай турган энелер. Энелердин саламаттыгы чың болбосо, ден соолугу чың наристе тѳрѳлбѳйт. Эл ѳкүлү дал ушул кѳйгѳйдү терең карап, залкасы тийип жактан зыяндуу кѳрүнүштѳрдү алдын-алууну кабыргасынан койгону туура.
Саясат-саясат дей бербестен, элибиздин эртеңине, келечегине болгон камкордук боюнча орчундуу маселени талкуулап, ал түгүл мыйзам долбоорун даярдоо зарылдыгын белгилеген Шаирбек Ташиевдин сунушу колдоого арзыйт. Мамлекеттин башкы байлыгы эл болгон соң, улутубуздун саламаттыгы өзгөчө маанилүү болууга тийиш.
Булак: NazarNews.kg