www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Бишкектеги чуулгандуу кырсык болгон жерде тартылган дагы бир видео пайда болду.
Видеодо окуянын катышуучуларынын бири өтүп бара жаткандарга эмне болгонун түшүндүрүүгө аракет кылып жатат.
«Үстүндө болчумун. Башым айланып кетти. Ал айдаганды билбейт да. Алдынан тоссом айдап эле кетип атпайбы», — дейт ал.
Окуяга күбө болгондор ал киши мас болгон деп шектенип жатышат.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармктарда борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде тартылган видео тараган. Автордун айтымында, аял күйөөсү менен уруша кеткенден кийин "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаасы менен андан качып кетүүгө аракет кылган, бирок эркек киши унаанын үстүнө жатып алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин айдоочу рулду башкара албай калган — унаа арыкка тайып, мамыны сүзгөн. Эркек учуп барып, үйдүн дубалын сүзгөн. Бирок бул ордунан туруп, аялынын артынан чуркоого тоскоол болгон эмес. Окуяга күбө болгондордун кийлигишүүсүнө чейин ал аялды бир нече жолу чапканга жетишкен.
Милиция окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg