www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин аттын кашкасындай таанымал болгон, атактуу саясатчы болбосо дагы Жогорку Кеңештин трибунасында ант берип, креслодо канатын жайып олтуруп, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге кербезденип суроо берген, куудулдар менен айтышып, акырында өзү Жогорку Кеңештен сүрүлүп чыккан мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевдин акыркы кундөрү карааны көрүнбөй калды.

Жеке адамдык сапаты жакшы, ак көңүл болгону менен саясатка аралашып, “тата-пата” деп үлкөн саясатчыларга секирип жүргөн Мээрбек мырзанын каараны көрүнбөй калганынын негизги себептери бардай.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Мээрбек мырза, “саясаттан тажадым, андан көрө туулган жериме барып, төө бурчак тигип, оокатымды кылганым жакшы экен. Бул саясатчыларың ит эле болот турбайбы?”, деп кол шилтеп жакындарына зар какшаптыр.

Эмнеси болсо дагы депутаттык маңдайына жазып, көрүнүктүү мыйзамдарды жазбаса дагы төрдө олтуруп төбөлдөргө чын айтып кеткени чындык эмей эмине.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости