www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Иса Шейшенкулович, партиядан чыгарылышыңыздын себебин эмнеден көрдүңүз?

-Не үчүн чыгарышканы мага чыны менен түшүнүксүз болуп жатат. Алар маалымдагандай мен эч качан партияга, уставга каршы иш кылып, партиянын тартибин бузган эмесмин. Башкача айтканда, мени партиядан чыгара турган орчундуу деле себеп жок болчу. Алар айткандай мен саткынчы эмесмин. Эч качан партиянын кызыкчылыгын, башканы да саткан эмесмин. Менин амбициямдан мамлекеттин, коомчулуктун, партиянын кызыкчылыгы жогору турат. Идея үчүн партияга киргендиктен, Акаев, Бакиев мезгилиндеги үй-бүлөмө, өз өмүрүмө коркунуч келтирген, кол салуу болгон   күндөр болсо  да  партиядан чыга качкан эмесмин. Керек болсо балдарым тобокелдикке салып, революцияга да катышкан. Партиянын өнүп-өсүшүнө менин да салымым зор. Ошон үчүн алардын айтканына эле баш ийип отуруп калбайм. Ар-намысымды, абийиримди коргойм. Адилетсиздикке каршы турам. Күрөш кандай багытта болоорун убакыт көрсөтөт.

-Чыныңызды айтыңызчы, Атамбаевге каршы кишилерди кабыл алууңузду Асылбек Жээнбеков уюштуруп берди беле?

-Жок анын аларды кабыл алуума эч кандай тиешеси жок. Менин кабыл алуумду өтүнгөнү үчүн делегаттардай эле бир нече облустан келген демилгечи топту жана бир канча уюмдун өкүлдөрүн кабыл алгам. Ал жерде мен мыйзам бузган эмесмин. Менин ар бир күнүм куру эмес. Кайрылгандарды сессиядан кийин же танапис учурунда кабыл алам. Мага аны же муну кабыл ал деп эч ким көрсөтмө бербейт. Ошондуктан, кезеги менен кайрылган жарандарды кабыл ала берем.

-Азыр партиядан чыгып туруп. Бирок, ошол партиянын фракциясын жетектегениңиз мыйзамдуу элеби?

-Мен  КСДПнын 7-8 саясый кеңешинин чечимин тааныбайм. Алардын чечими легитимсиз. Мен КСДПнын 25 жылдан бери мүчөсү болдум, азыр да мүчөсүмүн деп эсептейм. Ошон үчүн фракцияны жетектегеним мыйзамдуу деп ойлойм.

-Революция өз балдарын жей баштады. Өз максатына жеттиби?

-Революция максатына жеткен жок. Ал турсун идея үчүн канын төгүп. Жанын аябаган балдардын үмүттөрү уурдалып кетти. Мени саткынчы дегендер ошол балдардын үмүтүн, тилегин сатышты.

-Саясий кеңештин чечимин кабыл албаганыңыз менен  партиядан чыгарылышыңыз партия ичинде олку-солкулукту жаратабы?

-Саясий кеңештин легитимдүү эмес чечими албетте,  партия ичиндеги абалды курчутуп,  дистаблизацияга алып келиши мүмкүн. Анткени, КСДП  ири партиялардын бири.

-Партиянын мындан аркы келечеги барбы же мурунку президенттин партияларындай болуп, саясый аренада жок болуп кетеби?

-Бул партия жашаш керек. КСДПнын келечеги зор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости