www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик бийлиги өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган ондогон ооган студентине Тажикстанга кирүүгө уруксат бербей жатат.

"Озоди" радиосунун кабарчылары менен сүйлөшкөн ооганстандык студенттер Тажикстанга август айынан бери кире албай жатышканын айтышты. Алардын көбүнүн студенттик визаларынын мөөнөттөрү аяктап калган. Бирок Ооганстанда мамлекеттик мекемелер жабык турган азыркы шартта студенттерде паспортторун алмаштырууга жана виза алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болууда.

"Менин студенттик визамдын мөөнөтү бир айдан кийин аяктайт. Август айынан бери Тажикстандын аймагына ар кайсы көзөмөл-өткөрмө бекеттер аркылуу ондон ашык жолу өтүүгө аракет кылдым. Бирок эч кандай майнап чыккан жок. Биздин бардык документтерибиз жайында, бирок өлкөгө киргизбей жатышат. Биз Тажикстандын өкмөтүнөн билим алуу үчүн өлкөгө кирүүбүзгө уруксат беришин өтүнөбүз", - деди Тажик агрардык университетинде окуган Амирулла Саноулла аттуу ооган студенти.

Тажикстандын Билим берүү министрлиги алардын милдети ооганстандык студенттерге ыңгайлуу жана коопсуз шарттарда сапаттуу билим алууга мүмкүндүк түзүп берүү экенин билдиришти. "Бирок алардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө байланышкан маселени чечип берүү биздин министрликтин иши эмес", - деди мекеменин өкүлү.

"Талибан" кыймылы быйыл 15-августта Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарын басып алып, өкмөттүк күчтөр менен жүрүп жаткан согуш аяктаганын жарыялаган. Талибдер сентябрда түзгөн өкмөттү дүйнөнүн бир да өлкөсү тааный элек. Борбор Азиядагы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын расмий өкүлдөрү буга чейин "Талибан" өкмөтүнүн мүчөлөрү менен бир нече жолу жолугуп, айрымдары Ооганстанга жардам да жөнөтүшкөн.

Азырынча Тажикстан гана талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ашыкпаган Ооганстандын жалгыз коңшусу бойдон калууда. Тажик президенти Эмомали Рахмон Ооганстандагы тажиктердин укуктары сакталбай жатканы үчүн талибдерди сынга алып, өлкөдө инклюзивдүү өкмөттүн түзүлүшүн гана колдой турганын билдирген.

Өз кезегинде "Талибандын" өкүлдөрү Тажикстанды Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырып, бул "эки өлкөнүн тең кызыкчылыгында эмес экенин" белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости