www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина январь-февраль айларында олуттуу көйгөйлөргө айланып кетүү коркунучун жараткан жаратылыш газын сактоочу жайларды толтуруу программасын аткара албай койду. Мындай билдирүүнү өлкөнүн мурдагы премьер-министри Анатолий Кинах билдиргенин РИА Новости жазды.

"Газ кампаларындагы көлөм нормативдик талаптарга караганда болжол менен 30-40 пайызга азыраак. Тиешелүү чаралар көрүлбөсө, январь-февраль айларында өтө олуттуу көйгөйлөр башталат деп болжолдоого болот", - дейт Кинах.

Экс-премьер-министр бул биринчи кезекте турак-жай-коммуналдык муктаждыктарга байланыштуу экенин баса белгиледи.

Эске салсак, күз айларында аталган өлкөдө өзгөчө электр энергиясын өндүрүү үчүн зарыл болгон отундун тартыштыгынан улам энергетикалык каатчылык орун алган. Башка нерселер менен катар бул газдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө, ошондой эле көмүрдүн жетишсиздигине байланыштуу, ушундан улам украиналык ТЭЦтин жарымынан көбү токтоп калган.

Өлкөнүнү жергиликтүү ЖМКлары өкмөт электр жарыгын өчүрүү планын даярдап жатканын жазышса, премьер-министр Денис Шмыгал мындай буйруктар жок экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости