www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Согд облусунун Бобожон Гафуров райондук сотунун мурдагы судьясынын катчысы Азиза Хайдарова алдамчылык иши боюнча кармалганы белгилүү болду.

“Озоди” радиосу кабарлагандай, ал 10-июнда Хожентте кармалган. Ушул тапта Душанбе шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө жайында.

Азиза Хайдарованын апасы Барно Хайдарова 6-июлда “Озоди” радиосуна билдиргендей, кызы турак жай сатуу-сатып алуу ишинде алдамчылыкка айыпталууда.

“Азизанын кандай тиешеси бар, бул үйдү мен эки жыл мурун Орусияда иштеп таап келген акчама сатып алгам”, — деди ал.

Барно Хайдарованын айтымында, кызы эч кандай мыйзамсыз иш жасаган эмес. Тергөөчүлөр аны мурдагы жетекчиси – судья Рустам Сайдахмадзодага каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашууда. Судья 29-июнда кармалып, эки айга камалган.

Барно Хайдарова Тажикстан жетекчилигине кат жолдоп, кызына карата козголгон кылмыш ишинин адилеттүү тергелишине көмөк көрсөтүүнү сураган.

Согд облусунун Бобожон Гафуров райондук сотунун судьясы Рустам Сайдахмадзода кармалгандан бир апта өткөндөн кийин ээлеген кызматынан расмий түрдө бошотулду. Тажикстан президентинин 6-июлдагы жарлыгында Сайдахмадзода “соттордун ар-намысын булгаган иштерге барганы үчүн” кызматтан алынганы белгиленген.

43 жаштагы Сайдахмадзода “кызмат абалынан ашкере пайдаланууга” жана “кылмыш жөнүндө жалган маалымат берүүгө” айыпталууда. Бирок ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Ал Бободжон Гафуров районунун судьялыгына 2017-жылы дайындалган. Ага чейин Шахристан райондук сотунун судьясы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости