www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уурдалган унааны тетиктерге бөлүп, сатууну көздөп жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 27-июнь күнү 1981-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө орун алган үйүнүн короосуна токтотуп койгон, өзүнө таандык болгон «Дэо-Тико» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткендигин билдирген.

Аталган окуя Ош ШИИБна КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келген.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 7-июль күнү бул кылмыша тиешеси бар деген шек менен Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х.Р аттуу жаран кармалып, үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда жабырлануучуга таандык болгон «Дэо-Тико» үлгүсүндөгү автоунаа тетиктери чачылган абалда табылган. Шектүүгө алгачкы сурак ишин жүргүзгөн учурда, уурдаган автоунааны тетиктерге бөлүп сатарын айткан», - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына камака алынып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости