www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын калкынын саны 9 миллион. Бирок алар төрөттүн санын кескин азайтуу кадамына өттү. Бул калктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу эмес.

Расмий бийлик мунун себептерин айымдардын ден соолугуна кам көрүү катары баалайт. Ал эми айрым адистер маселенин түйүнүн ал өлкөдөгү басымдуу болгон жакырчылыкка байлашууда. Маселе медицинанын жардамы менен чечиле турган болду. Бул тууралуу Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген маалыматтарга таянсак, катары менен төрөгөн өлкөдөгү аялдардын 40%, аз кандуулук менен жабыркайт. Ден соолугуна байланышуу баласын боюнан алдырууну чечкендер да көп. Бирок алар дарыгерлерге өтө кеч кайрылышат.

Мындан улам аталган өлкөдө, атайын мамлекеттик программа кабыл алынган. Анын негизинде медициналык мекемелердин баарын бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыздоо башталган. Ал эми дарыгерлер өз учурунда, күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануунун жолдорун түшүндүрүп, жыныстык этика тууралуу кеңеш берүүдө.

Медиктер бул мамлекеттик программа үч жыл ичинде 450 миң күтүүсүз бойго бүтүүнү токтотууга жардам берерин божомолдошууда. Дүйнөлүк банктын адистери Тажикстандагы жакырчылыктын, жумушсуздуктун башкы себеби катары демографиялык көрсөткүчтөрдүн ыкчам жогорулашын атап келишет. Он жылда өлкөдөгү калктын саны 22% өскөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости