www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-сентябрь саат 15:00гө карата Билим берүү министрлигинин ыкчам маалыматы боюнча Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына куралдуу кол салуудан улам 10 мектеп жана 7 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулган. Алардын 53үнүн базасында эвакуациялоо пункттары уюштурулган.

Лейлек районунда 45 мектеп, 23 бала бакча бар. 21 мектеп, 40 бала бакча азырынча иштебейт.

Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында окуу процесси бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлүүдө. Сүлүктү шаарында жети мектептин биринде гана сабак токтотулган.

Баткен облусундагы 11 кесиптик лицейдин экөөсүндө окуу процесси убактылуу токтотулган.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 11 (27 пайыз) билим берүү уюмдарында билим берүү токтотулган.

«Окуу процессинин толук калыбына келтирилиши адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу шартында штабдын тиешелүү чечиминен гана көз каранды. Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия келтирилген зыяндын көлөмүн жана кырдаалды калыбына келтирип, бейпил жашоого кайтуу үчүн зарыл болгон каражаттын көлөмүн аныктайт», - деп белгиледи Билим берүү министрлиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости