www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күнү дароо көзгө урунган бир чындык бар – кыргыз жана өзбек мамилелери, кызматташуусу жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлдү. Бул кубанарлык, эки тарапка тең пайдалуу көрүнүш. Анткени, ааламдашуунун арааны жүрүп турган мезгилде бир чети өз алдынчалуулукту сактоо, экинчи жагынан дүйнөлүк атаандашууга туруштук берүү үчүн эң оболу жакын, кошуна өлкөлөр менен ынтымакты бекемдөө абзел. Анүстүнө кыргыздар менен өзбектер тээ эзелтен эле достук мамилени багып, жанаша жашап келишкен. Кыргыздар менен өзбектердин саясый мамилелеринин динамикасы XVIII кылымдан баштап документалдык негизде даана көрүнөт. Алар элдерибиздин жалпы динге, тилге жана салтка негизделген тарыхый тагдырларынын ажырагыстыгын жана чырмалышкандыгын айгинелейт.
Таланттуу кыргыз эли дүйнөгө Чыңгыз Айтматов жана “Манасты” берсе, таланттуу өзбек эли дүйнөгө Ибн Сина, Аль-Беруни, Аль-Хорезми, Алишер Навои сыяктуу улуу ойчулдарды, акындарды, окумуштууларды тартуулады. Ибн Синанын «Медицинанын жоболору» китеби XVII кылымдын аягына чейин европалык дарыгерлер, бул багыттагы билим алууга умтулгандар үчүн негизги окуу китеби болуп келген. Ал эми Улукбектин астрономиялык таблицалары ХХ кылымдын экинчи жарымына чейин так, алмаштыргыс маалымдама катары кызмат кылган. XI-XV кылымдардагы Бухара жана Самарканд поэзиясы «Адамзат маданиятынын туу чокусу» болгон деген аныктама да бекеринен берилген эмес. Алишер Навоинин калеминен жаралган өлбөс-өчпөс саптарды бүгүн Кыргызстанда билбеген адам жок. Анын «Лайли жана Мажнун», «Фархад менен Ширин» өңдүү сүйүүнү даңазалаган поэмалары жана ырлары кыргыз элине кеңири тарап, өзгөчө популярдуулукка ээ болгон. Буга кыргыздар балдарына Навоинин поэмасынын каармандары – Ширин, Лайли, Искендер ж.б. сыяктуу ысымдардын ыйгарышы да мисал боло алат. Ошону менен катар эле Өзбекстанда кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын билбеген адам жок. Мунун баары биздин орток мурасыбыз болгон жалпы түркий тамырыбызды тастыктап турат.
ХХ кылымдын башындагы Өзбекстандын окуу жайлары алгачкы кыргыз интеллигенциясынын калыптанышында эбегейсиз зор роль ойногон. Бул мезгилде Кыргызстанда чыгаан инсандар, өлкөнүн маданиятына жана илимине зор салым кошкон илимий-чыгармачылык жана техникалык интеллигенциянын өкүлдөрү пайда болду. Алардын көбү Ташкент шаарындагы гимназиялардан, мектеп-интернаттардан, университеттерден жана институттардан билим алышкан. Мен алардын айрымдарын гана атай кетейин. Көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков Хожент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, андан кийин Ташкенттеги мектеп-интернатта окуган. Ташкенттеги педагогикалык техникумду бүтүрүп, кийин ошол жерде мугалимдик кесипти аркалаган. Он жыл бою ал Өзбекстанда жооптуу, жетекчилик кызматтарды аркалаган, анын өзгөчө жөндөмдүүлүгү, терең билими, жогорку жоопкерчилиги, моралдык жана эрктүү сапаттары ошол учурлардан баштап түптөлө баштаган. Өзбекстандыктардын дээрлик бардыгы аны өз элинин уулу катары эсептеп келишет, анткени ал согушка чейинки жана согуш жылдарында Өзбекстандын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Бүгүнкү күндө да аны Өзбекстанда урматтап, эскерип келе жатканы бекеринен эмес.
Кыргыз тилчиси, акын жана мамлекеттик ишмер, кыргыз жазуусунун негиздөөчүсү Касым Тыныстанов Ташкент шаарындагы казак-кыргыз агартуу институтун бүтүргөн.
Көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, тунгуч окумуштуу-тарыхчы, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Осмоналы Сыдыков Бухара шаарындагы жогорку диний медресени бүтүргөн. Бул жылдары ал Түркистанда жетекчилик кызматтарды аркалаган, Өзбекстандын айыл чарба эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү болгон. Кийинчерээк Кыргызстандын Ташкенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. 1926-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин айыл чарба факультетинде иштеген, Орто Азия пахтачылык жана ирригация институтунун суу чарба факультетинин деканынын орун басары болгон.
Кыргыз мектептери үчүн жазылган биринчи окуу китебинин автору Ишеналы Арабаевдин жетекчилиги астында кыргыздын баатырдык эпосу “Манасты” жазуу да Ташкентте башталган. И.Арабаев Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинде сабак дагы берген.
Кыргыз ССРинин эл акыны, кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аалы Токомбаев 20-жылдардын башында Ташкенттеги советтик партиялык мектеп-интернатында окуп, андан соң Орто Азия коммунисттик университетин бүтүргөн.
Кыргыз жазуучусу жана акыны, кыргыз адабиятындагы алгачкы профессионал котормочулардын бири Узакбай Абдукаимов Ташкент мектеп-гимназиясында билим алган.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы аскердик окуу жайын бүтүргөн.
Атактуу хирург, академик Иса Ахунбаев Ташкенттеги Орто Азия университетинин медицина факультетин аяктаган.
Ал эми көрүнүктүү түрколог жана тилчи Кусейин Карасаев Ташкенттеги кыргыз агартуу институтунда окуган. Кийин Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчу факультетинде кыргыз тилинен сабак берген.
Алгачкы кыргыз интеллигенциясынын тагдыры, иш-аракети Өзбекстан менен тыгыз байланышта болгон. Баса белгилей турган нерсе, ХХ кылымдын башында Өзбекстан билим берүүнүн ар кыл тармагы боюнча түрдүү адистерин гана даярдабастан, Орто Азияда эң ири илим изилдөөнүн борбору болгон. Орто Азия мамлекеттик университети кийинчерээк В.И.Ленин атындагы Ташкент мамлекеттик университети деп аталып, соңку жаңы тарыхта Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университети деген статуска ээ болгон бул окуу жайы жалпы эле Орто Азиядагы жогорку билим берүүнүн алгачкы пайдубалын түптөгөн.
Биринчи кыргыз гезити, кыргыз профессионал адабиятына жана публицистикасына чыйыр салган “Эркин-Тоо” да Ташкенттен чыга баштаган.
Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошкон этникалык өзбектер жөнүндө да айтпай кетүүгө болбойт. Саны миллионго жакын Кыргызстандагы этникалык өзбектер мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында активдүү катышып келишкен жана учурда да өлкөнүн бардык башкаруу чөйрөсүндө, жергиликтүү кеңештерге, парламентке депутат болуп шайланууга катышып жатышат. Биздин бир катар өзбек жердештерибиз Социалисттик Эмгектин Баатыры, Советтер Союзунун Баатыры деген наамдарга ээ болушту.
Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдары эки өзбек улутундагылар – белгилүү хирург, профессор Эрнст Акрамов менен космонавт Салижан Шариповго мамлекеттин эң жогорку наам – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” даражасы ыйгарылган.
Өзбек улутундагы жарандар Кыргызстандын эл аралык мейкиндиктеги аброюн көтөрүүгө татыктуу салымын кошууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Махамаджан Мамасаидовдун илимий иштеринин жыйынтыктары тоо-кен тармагын автоматташтырууда кеңири колдонулуп келет. Бахтияр Кадыров болсо Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. Ал «Даңк» ордени менен сыйланган. Дүйнөнүн жети жолку чемпиону, мушкер Орзубек Назаров дүйнөлүк мелдештерде Кыргызстандын желегин бир нече жолу желбиретип келген. Белгилүү жазуучу Бегижан Ахмедовдун чыгармачылыгы жана жигердүү коомдук ишмердиги эл аралык деңгээлде бааланып, анын кыргыз тилине которулган “Дербиш” китеби 2020-жылдын эң мыкты китеби катары табылып, дүйнөнүн бир катар тилдерине которулган.
Кыйын сыноолордун күндөрүндө биздин элдерибиз туугандык жана биримдик-ынтымактык мамилелерин дайыма көрсөтүп келишкен. Мындай өз ара түшүнүшүү жана биздин элдерибиздин бири-бирине болгон колдоосу ушул күнгө чейин уланууда. Бүгүнкү күндөгү эки тараптуу мамилелердин абалы өзүнүн ачыктыгы жана динамизми менен айырмаланат.
2016-2022-жылдар аралыгында эки өлкөнүн 16 жогорку деңгээлдеги жолугушуулары болуп өттү. Кыргыз-өзбек кызматташтыгы бекем келишимдик-укуктук базага негизделген, анын ичине 213 эки тараптуу документ камтылган. Алардын ичинен 1996-жылдын 24-декабрындагы Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы “Түбөлүк достук жөнүндөгү келишим” жана 2017-жылдын 5-октябрындагы “Стратегиялык өнөктөштүк, ишенимдүү коңшулаштык жана достукту чыңдоо” жөнүндөгү декларация негизги документтер болуп саналат. Бул документтерде эки тараптуу кызматташтыктын өз ара урматтоо, тең укуктуулук, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотууга умтулуу, саясый-укуктук, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү сыяктуу принциптер бекитилген.
2021-жылы Өзбекстанга Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында да ачык, конструктивдүү жана достук маанайдагы сүйлөшүүлөр болуп өттү.
2023-жылдын 26-27-январында Кыргыз Республикасына Өзбекстандын президенти Шавкат Миромонович Мирзиёевдин жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарына толук жооп берген ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө маанилүү документтер кабыл алынды, анын ичине стратегиялык декларацияны да кошсок болот. Көп кырдуу кызматташтыктын маанилүү багыттары боюнча да документтердин туруктуу пакети кабыл алынды.
Азыркы учурда да Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча достук тобу иштеп жатат. Эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерде кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, анда биздин өлкөнүн да жетишкен натыйжалары таасирлентет. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн 1996-жылдан бери соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссия иштеп келет. 2022-жылдын декабрында биздин өлкөлөрдүн соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык мамилелерин кеңейтүү максатында Кыргыз-Өзбек инвестициялык фонду түзүлгөн.
Үстүбүздөгү 2023-жыл – бул биздин мамлекеттердин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык юбилейлик жылы. Ушул жылдын ичинде достук мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт жана өткөрүлдү. 2023-жылдын аягына чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өз сапарын баштайт. Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында биргелешкен көргөзмөлөрдү, кереге отурумдарды жана экологиялык иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Жалпысынан, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык тармагындагы кызматташуусу кыйла жанданды. Бул тенденция өз жемишин берүүдө жана бул багытта жаңы мейкиндиктери ачылууда. Белгилей кетсек, илим, билим, маданият, искусство, туризм жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүү бардык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болуп калды. Бул маданий-гуманитардык байланыштарды сактоодо эки тараптын тең активдүү көңүл буруусу жана кызыгуусу жогорулаганынан кабар берет.
Өзбекстанда кыргыз улутундагы жарандардын билимин жана маданиятын өнүктүрүүгө ар дайым чоң көңүл бурулуп келгени кубандырат. Учурда Өзбекстанда кыргыз тилинде окуткан бир топ мектептер, “Өзбекстан” басмасында кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин кыргызча чыгарган кыргыз редакциясы бар, Өзбекстандын улуттук телерадиокомпаниясында популярдуу «Айчүрөк» программасы жана «Элеман» радиопрограммасы кыргыз тилинде үзгүлтүксүз берилип турат. Андижан мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык институт кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерди даярдайт.
Жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык да динамикалуу өнүгүүдө. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жалпысынан Өзбекстандын 37 миңден ашуун жараны билим алууда. Өз кезегинде Өзбекстан Кыргызстандын жарандарына жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 100 гранттык орун бөлгөн. Мындан тышкары, билим берүү документтерин таануу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Билим берүү тууралуу документтерди өз ара таануу Кыргызстандын да, Өзбекстандын да жарандарынын биздин өлкөлөрдөгү университеттерде жана кесиптик лицейлерде окууга болгон кызыгуусун арттырат. Бул багыттарды колдоо үчүн университеттер аралык түз кызматташуу, ЖОЖдордун билим берүү тармагындагы алака-катышы кеңири өнүүгүүдө. Учурдагы эки тараптуу макулдашуулардын аркасында мугалимдерди, адистерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүп, студенттерди, окутуучуларды жана илимий кызматкерлерди өз ара алмашуусу жолго коюлууда.
Ушул жылдын 3-4-октябрында Ош шаарында кыргыз жана өзбек жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму болуп өттү. Бул чоң иш-чарага өзбек тараптан алардын жогорку билим берүү министринин орун басары, 30га жакын ректор, ал эми кыргыз тарабынан министрдин орун басары жана 40ка жакын ректор катышты. Кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхында мындай бийик деңгээлде жана кеңири форматтагы жолугушуу биринчи жолу болду. Мында эң зарыл болгон бир катар орчундуу маселелер каралды, өз ара кызматташуунун жол картасынын долбоору талкууланды. Албетте, бул чоң иш-чара дагы эки бир тууган элдин ынтымагын чыңдоого кайсы бир деңгээлде өз үлүшүн кошо алат.
Абдылда МУСАЕВ, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик
университетинин ректору, профессор
“Азия Ньюс” гезити