www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңырган жылдын күрдөөлдүү күз мезгилинде парламенттик шайлоо өтөөрү белгилүү болгон. Али алдыда дагы бир нече айлар жатса дагы, шайлоонун шаңы башталып калганын байкасак болот. Унчукпай олтурчу депутаттарга тил бүтүп, элге жага турган сөздөрдү сүйлөп, унутуп калган шайлоочуларын эстеп калышты.

Ошону менен катар эле “Ушул 9%дык тосмодон өтө албай калам го” деп кооптонуп турган партия лидерлери да бар. Башында тээ 2010-жылдан бери эле ар кандай шайлоолордо шайы кетип, маарага жетпей калып жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттик шайлоонун босогосун 9%дан төмөндөтүү керек деп өзүнө болгон ишенбөөчүлүгүн көрсөтүп жүргөн. Эми анын катарына өзү айтмакчы “бир буту түрмөдө, бир буту эркиндикте” турган “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кошулду.

3%дык босого кимди жыргатат?

Дароо эле тээ 2014-2015-жылдары Ө. Текебаевдин Ф. Кулов менен биргелешип алып шайлоо босогосун 10%ка көтөрөлү деп чуркап жүргөнү эске келет. Ал кезде Текебаев өзүнүн күчүнө да, партиясына да ишеними жогору эле. Себеби, партиясынын катарында аттуу-баштуулар, салмактуулар бар болчу.

Бүгүн андай ишеними эмнеге жоголду? Түшүнүктүү да, баягы таяна турган шерлери жок. Алардын партия катарынан чыгып кетишине Текебаевдин өзүнүн ашкере өзүм билемдиги, куйтулугу, “чындыктын жарымын айтып, жарымын сактап коймоюу” негиз болду. Өзүнөн башка эч кимди күнөөлөй албайт. Ошондон улам ал күз мезгилинде өтө турган парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясы 9%дык босогону ашмак турсун, ага жакындап да бара албай калаарын түшүнүп тургансыйт. Ошондон улам 3%дык босого Өмүрбек мырза үчүн өтө зарыл болуп турат.

Ал эми анын мамлекет үчүн, эл үчүн пайдасы барбы? Тилекке каршы, жок. Эгерде шайлоо босогосун 9%дан 3%ка түшүрө турган болсок, анда парламентке 10-15, а балким 20 партия шагырап кирип келиши мүмкүн. Ошондо Жогорку Кеңештин сапаты кандай болорун элестете бериңиз. Анык эле жайма базарга айланып кетет. Ансыз да жыл айланбай алмаша берүүчү өкмөт ай сайын алмаша турган болуп калышы да мүмкүн. Өкмөттү “жыга чаап” көнүп калган Текебаев ай сайын өкмөт алмаштырып “жыргап” эле калат. Бирок, андан мамлекетке, элге кайдагы пайда? Тескерисинче, стабилдүүлүк жоголуп, өкмөттө да, парламентте да башаламандык эле болуп калбайбы.

Парламентаризм жолундагы Кыргызстан

Кыргызстан адеп эгемендик алгандан кийин президенттик башкарууда жашады. Алгачкы эки президенттик башкаруу үй-бүлөлүк-кландык башкарууга айланып кеткенин көрдүк. Ошондон улам бизге парламенттик башкаруу көбүрөөк ыңгайлуу жана пайдалуу экенин баамдадык. Коңшулаш мамлекеттерге салыштырмалуу бизде бул жагынан тажрыйба да бар.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайлануу 2007-жылы эле башталган. Ошондо үч партия парламентке келген болчу. 2010—жылдан кийин өлкөбүз парламенттик башкарууну биротоло тандап алды. Ошондон бери Башмыйзамга, шайлоо мыйзамдарына ылайык парламентке шайлоо партиялык тизме аркылуу гана жүргүзүлөт.

Дурусу...

Мурдагы бир мандаттуу, башкача айтканда мажоритардык шайлоолордо бир эле айыл экиге бөлүнүп, эки талапкер үчүн сүйлөшпөй калган учурлары да болгон. Алтургай бир эле үй-бүлөдө атасы башкага, баласы башка талапкерге добуш берип, анын айынан үй-бүлөлүк чыр-чатактар да пайда болчу эле.

Экинчи жагынан, ошол мажоритардык шайлоо жолу менен парламентке келген депутат өзү шайланып келген аймактын гана кызыкчылыгында иштеп калчу. Себеби, кийинки шайлоодо да ошол эле аймактын шайлоочулары добуш берет эмеспи.

Ал эми партиялык тизме аркылуу же пропорционалдык шайлоо аркылуу шайланып келген депутаттар жалпы мамлекеттин кызыкчылыгындагы маселелерге көбүрөөк көңүл бурарын көрдүк. Анан дагы мурдагыдай эки талапкер үчүн эки жаат болуп бөлүнгөн үй-бүлөлөр да болбой калды. Уруу-урууга жаатташуу көрүнүштөрү да азайды.

Бурушу...

Жогорку Кеңешке партиялык тизме аркылуу шайлоонун да дурус жагы менен кошо өзгөртүүгө муктаж жагдайлары да белгилүү болуп калды. Биз буга чейинки алган тажрыйбабыздан улам эмнени өзгөртүү керек экенин түшүндүк?

2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин парламентке “Ата-Мекен” партиясы аркылуу келген Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов бат эле аталган партиянын фракциясынан чыга качышып, өз алдыларынча топ түзө калышканын билебиз. Ф. Куловдун “Ар-Намыс” партиясында да ошондой болгон.

Экинчи жагынан, парламентке келген партиялар өкмөт куроодо өздөрүнүн өкүлдөрүн өкмөттүн курамына көбүрөөк киргизүү аракеттерин көрүштү. Өкмөт мүчөлөрүн өкмөт башчы башкарыш керек болгону менен, алардын көпчүлүгү өздөрүнүн партия лидеринин оозун карап отурушту. Жакшы иштебей жаткандарын да премьер-министр кызматтан ала албай тургандай жагдай түзүлдү. Себеби, Текебаевге окшогондор муштумун түйүп, “керек болсо өкмөттү таркатып жиберебиз” деп турушканын кантип танабыз?

Көч бара-бара түзөлөт

Мындай кемчиликти жоюу зарылдыгы бат эле колго алынды. Премьер-министрдин укуктарын бекемдеген, жогорудагыдай көрүнүштөргө жол бербей тургандай, партиялардын парламенттеги ишмердигин жакшыртууга багытталган мыйзамдар кабыл алынды.

Натыйжада премьер-министр өз командасын өзү түзө турган болду. Өзү түзгөн командасынын иши үчүн албетте өзү жооп берет. Эми мурдагыдай фракция лидерлери өздөрүнүн өкүлдөрүн өкмөт мүчөлүгүнө таңуулай алышпайт. Ошону менен катар эле партия мүчөлөрү да парламентке өтүп алган соң партиядан чыга качып, өз алдыларынча топ түзүүгө жол берилбейт.    

Партиялар ирилешпесе болбойт

Партиялардын ирилешүүсү жакшы натыйжа бере турганын, стабилдүүлүккө, туруктуу өнүгүүгө жол ачарын биз дүйнөлүк тажрыйбадан улам билебиз. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында башынан эле эки гана партия алмак-салмак бийликке келет. Алардын бири демократтар, экинчиси республикачылар. Кимиси оппозицияда калса деле, атаандашын жерден алып көргө чаппайт. Конструктивдүү сындарды айтып, альтернативалуу сунуштарын берип турат.

Бизде болсо, жер жайнаган партиялар. Өзү калкы эми араң 6 миллиондон ашкан өлкө үчүн 400дөн ашуун партиянын зарылчылыгы барбы? Биздеги айрым саясий партиялардын лидерлеринин гана аты белгилүү. Анын партиясында дагы кимдер мүчө экенин эч ким деле билбейт. Мисалы, “Ак Шумкар” деген партиянын лидери Темир Сариев, “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров, бирок алардын катарында дагы кайсыл салмактуу саясатчылар бар? Эч ким билбейт. Эгерде ар бир эле салмагы бар саясатчы “чоң казатка” жалгыз аттана берсе, анда кайдагы жеңиш? Эгерде ушундай аттуу-баштуу саясатчылар бир түндүктүн алдына биригип, партияларын ирилештиришсе, ошондо гана күчтүү командалар пайда болмок. Кыргызда “Көп суур ийин казбайт, казса дагы кең казбайт” деген кеп бар. Анын сыңары өтө көп партиялардын болгону менен эч кандай иш жүрбөйт. Качан гана алар ирилешкенде, иш дагы жүрөт, өнүгүү да болот эле.

9 пайыздык босого толгон ишти жайгарат

Эми, Текебаевдин аллергиясын карматкан 9 пайыз жөнүндө. Кезегинде Ө.Текебаев, Ф.Кулов парламентке өтүү босогосу 10 пайыз болсун деп айтып чыгышкандыктарын өздөрү унутуп калганы менен элдин эсинде экенин макалабыздын башында айттык.

Шайлоо мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 5-январына чейин катталган партиялар алдыдагы шайлоого катышмай болду. Ушу күнгө чейин катталган партиялар 9 пайыздык өтүү босогосунан улам, кайсы бир партиянын алдында биригишип, элге алынып кете турган таптакыр жаңы партияны пайда кылышы толук ыктымал. Бул буга чейин абийирин айрандай төгүп алган айрым белгилүү партиялар үчүн чоң атаандаштыкты жаратпай койбойт. Мындай көрүнүш эл көрө берип, уга берип тажаган эски партиялык лидерлердин биротоло саясий аренадан кетишин шарттайт.

Майданын иши майда

9 пайыздык өтүү босогосу буга чейин парламентте да талкууланып, кызуу талаш-тартыштарды пайда кылган. Көпчүлүгү 9 пайыздык босогону калтырууну колдошту. Мисалы, депутат Махабат Мавлянова мындай дейт: “Мен башында 9 пайыз өтүү босогосуна добуш берип, анан шайлоо жакындаганда аны төмөндөтөлү дегенге каршымын. Бул мамлекеттин бүтүндүгүнө тескери таасирин тийгизет. Башкача айтканда Жогорку Кеңешке көптөгөн партиялардын өтүп келиши трайбализмди пайда кылат. Бул мамлекет үчүн коркунуч жаратат. Эгерде ирилештирилген партиялар өтсө, өлкө үчүн маанилүү маселелер чечилет”.

“Парламентке өтсөк эле баарын кыйратат элек” деген партиялар дүйнөдө бардык эле өлкөлөрдө бар. Айталы, демократиясы башынан ашкан Батышта, анын ичинде Италияда 1994-жылы парламентке өтүү босогосун 1 пайызга чейин төмөндөтүп көрүшкөнү менен көп өтпөй 4 пайызга чейин көтөрүүгө аргасыз болушкан. Мындай абал Россияда да кайталанып 2007-жылы 5 пайыздан 7 пайызга чейин көтөрүлүп, мындай аракеттин акыры “Единая Россия” партиясын түзүүгө шарт түзгөн. Бүгүнкү күндө “Единая Россия” эң көп тарапташтары бар, башкаруучу партия болуп эсептелет. Мындай ондогон мисалдарды келтирсек болор эле.

Ошондой эле дүйнөлүк практикада шайлоо босогосун төмөндөтүү парламентке өтүп каламбы деген майда партияларды активдештиргени менен, аларга караганда ири партиялардын шансын жогорулатаары аныкталган. Мындан тышкары шайлоого жумшалуучу мамлекеттин каражатын көбөйтүп, ошол эле учурда майда партиялардын өздөрүнүн чыгымдарынын да өсүшүнө алып келээри белгилүү болгон.

Эсенбек Касенов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости