www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ВСП+ деген эң мыкты артыкчылыгыбыз бар. Дүйнөдө 8 өлкөгө берилсе, Кыргызстан — ошолордун бири. Ошону пайдаланып, ЕАЭБдин шарттарын пайдаланып, дагы башка артыкчылыктарыбызды пайдалансак, биз чакан өлкөбүз, аны бат эле жакшы деңгээлге көтөрсөк болот деген жакшы үмүттөрүбүз бар», — деп белгиледи Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темир Ажыкулов Кыргыз Республикасынын Президентинин бизнес коомчулугу менен болгон жолугушуусунан кийин. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Темир Ажыкулов жолугушуу эң жогорку деңгээлде болгонун, бизнес ассоциациялардын бир тобу чогулуп, бизнеске тиешелүү болгон ой-пикирлер, сунуштар айтылгандыгына токтолду. «Бизнес, албетте, азыркы илдетке байланыштуу кабыл алынган шарттарды, чараларды түшүнүү менен эле кабыл алып жатат. Ошол эле кезде бизнеске кичине дем берип, келечекте өнүгүүгө бир жол бар. Баарыбыз мамлекетке жардам берели деген дагы ойлорубузду айтып жатабыз, бизнес ассоциация катары. Ошол эле убакта ушундай кризистик кырдаал көптөгөн реформаларды жасоого мүмкүнчүлүк түзө тургандыгын Өкмөткө айтып жатабыз. Көп өлкөлөрдө, ыңгайсыз болгону менен, абдан алгылыктуу, керектүү болгон реформалар дал ушундай мезгилдерде ишке ашат», — деп билдирди Темир Ажыкулов. Ал мындай реформалардын ичинде ашыкча бюрократиялык-административдик жол-жоболор болушунча кыскартылып, түшүнүктүү айтылгыдай оюн эрежелери болуш керектигин кошумчалады.

Адистин пикиринде, мамлекеттик институттар дагы реформаланып, аягына чыгып, ошондой эле азыркы кыйналып аткан ишкерлерге — маселен, туризм, ресторан, тейлөө жана башка тармактарда азырынча тез арада антикризистик чаралар керек.

«Акыркы жумаларда Өкмөттө жеңилдетилген жеткиликтүү кредиттер боюнча көп айтылып жатат. Кредиттер жакшы нерсе, бирок кредиттен сырткары, салык жагынан да жеңилдиктер керек. Салыктан, социалдык төлөмдөрдөн же бошотуулар же кыскартуулар керек. Себеби ошол кредиттер баарына жетпей калышы мүмкүн. Ал кредиттерди алыштын дагы өзүнчө жол-жобосу бар, ал да өзүнчө бюрократия. Аны алгычакты кээ бир ишкерлер банкрот болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан кредиттерден сырткары ушундай бошотууларды ишке ашыруу сунушталды», — деп айтты Темир Ажыкулов.

Ошону менне бирге, Темир Ажыкулов азыркы учурду ишкерлер түшүнүү менен кабыл алып, колдон келишинче мамлекетке жардам бергенге аракет кылып жатышканын, кайрымдуулук жардам, ошондой эле аванстык төлөмдөр же дагы башка төлөмдөр, жумуш орундарын сактап калуу жагынан да көмөк көрсөтүүгө аракеттер болуп жатканын чечмелеп берди.

Адистин айтымында, азыркы учурда жумуш орундарын сактап калуу мамлекет үчүн эң негизги приоритет болуп эсептелет. Ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө да көмөктөшүү керек.

Мамлекет башчысы менен болгон жолугушууда аталган ассоциациясынын аткаруучу директору эртеңки күндү ойлоп, келечекте келе турган инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колдон келишинче ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, жаңы ишканаларды түзүү зарылдыгын сунуштаганын баса белгиледи.

Эске салсак, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Мамлекет башчысы менен кечээ, 11-майда жолугуп, азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып беришкен. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости