www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз баарыбыз биргеликте этап-этабы менен кадамдалган пландарды иштеп чыгып, кризистен чыгышыбыз керек жана экономикабызды калыбына келтиришибиз зарыл», — деп билдирди юридикалык жактардын «Легпром» бирикмесинин президенти Сапар Асанов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуудан кийин. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы жазды.

Анын айтымында, жеңил өнөр жайы, өзгөчө тигүү сектору, карантин маалында эле иштеп баштаган. Ондогон ишканалар иш багытын өзгөртүшкөн.

«Медицина кызматкерлери үчүн зарыл болгон продукцияларды тигүүдөн баштаганбыз. Булар — беткаптар, коргоочу костюмдар. Бардык чек аралар жабык болгондуктан, тигилген продукциялар экспорттолгон эмес, андан кийин ички рынокто жана элде жеке коргоочу каражаттарга муктаждыктар жаралды. Экинчи этап менен биз карантин киргизилгенге чейин контракттары болгон ишканаларды 1-майдан тарта ишке киргиздик. Аларда келишимге ылайык, материалдары бар экен, анан биз акырындап иштеп баштадык. Албетте, бардык ишканалардын толук масштабдуу иштеп баштап, бир нукка түшүүсү үчүн белгилүү бир убакыт керек», — деди Сапар Асанов.

Ал мунун баары Россия, Казакстан, Борбордук Азия рыноктору менен түздөн-түз тиешеси бар экенин, ал жактарда дүкөндөр, базарлар иштеп баштаганда элдин продукцияларга керектөөлөрү жаралаарын белгиледи.

«Алдын ала эле бизде туура бир айдан кийин же эки айдан кийин деп айтуу өтө кыйын. Ишканалар иштеп башташы үчүн этап-этабы менен, кадам-кадам менен аракет кылып баштайбыз. Албетте, мамлекеттин колдоосу зарыл, анткени орто жана чакан бизнес өз алдынча бул кризисти жеңип чыга албайт. Буга байланыштуу Өкмөт тарабынан колдоо — төмөн пайыз менен узак мөөнөттүү насыяларды берүүсү зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрдүк. Биз бүгүнкү күндө сезип жаткан кризисти жеңип чыгуу үчүн Өкмөт тарабынан өлкөнүн экономикасын колдоого алгач 14 млрд сом бөлүнүп, андан кийин дагы 40 млрд сом караштырылып жатат. Мындай иштер биздин гана өлкөдө эмес, дүйнө жүзүндө жүрүп жатат», — деп сөзүн жыйынтыктады Сапар Асанов.

Эске салсак, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Мамлекет башчысы менен кечээ, 11-майда жолугуп, азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып беришкен. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости