www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда акыркы бир күн ичинде коронавирус жугузуп алган дагы 49 адам табылып, ооругандардын жалпы саны 661 адам болду. Саламаттык сактоо министрлиги илдеттен жалпысынан 21 адам кайтыш болгонун билдирди.
Мунун алдында интернет желелеринде Тажикстанда илдеттен көз жумду деген адамдардын кошумча, расмий эмес тизмеси пайда болгон жана анда каза болгон кишилердин саны 140тан ашканы көрсөтүлгөн.
Бул тизмеде маркум жарандардын аты-жөнү толук көрсөтүлгөн жана оорусунун таржымалы учкай жазылган. Бул интернет-порталды түзгөндөр мындай маалыматтардын баары ачык булактардан алынганын билдиришкен жана Саламаттык сактоо министрлигин илдеттен көз жумган адамдар тууралуу маалыматты жашырып жаткандыкта айыпташкан.
Буга чейин күч органдары өлкөдөгү коронавируска байланыштуу такталбаган маалымат тараткандар жазаланарын эскертишкен.
Эске салсак, Тажик бийлиги узак убакыт бою өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандар бар экенин ачыктаган эмес. 30-апрелде гана 15 учур катталганын маалымдап, алардын саны кескин көбөйгөн.
Булак: NazarNews.org