www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен ажоориктин сөзүнө түшүнбөй калдым. Чынын айтсам мурда деле түшүнчү эмесмин. Ажоорик мамлекеттик сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземинде бир топ акчыланып сүйлөптүр. Кыскасы ажоотай 2010-жылы морадёрликти "Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрү кылган деп күйүп-бышып элге күйгөн киши болуптур. Албетте морадерлук кылгандарды кармап жазалаш керек. Менин түшүнбөгөнүм убагында Бабанчик дал ушул морадерлук боюнча Ата Мекенчилерди айыптап маселе көтөрүп, Болот Шер эки ок сунуштап жүргөндө, ажоорик кайда жүрдү эле? Же запойдо беле? Эмнеге ошондо азыркыдай камап, иш козготуп иликтеп чыккан эмес? Эмне кетеринде чамынып калды? Кыскасы эл журт жана ажоориктин айланасындагылар ушул суроолорго жооп алып бергилечи. Эээй ажоотай Алмазик кооз сүйлөп кууланбаңыз! Кооз сөздү мен да билем еще как билем ыр менен куюлуштуруп таштайм. Ачык эле айтайын мен акты ак, караны кара деп айткан кишимин. Азыркы элди дүрбөтүп кылып жатканыныз бул жөн гана саясий оюн. Эл деп күйгөн ажоо жаңы шайланып иштеп баштаганында эле күрөшүн баштамак. Беш жыл жымырап жатып алып кетериңизде элди дүрбөтпөй тынч кетпейсизби. Сөздүн ачыгы сиз Текебаев менен Мегакомдун акцияларын бөлүшө албай чатакка айланттыңыз. Эгер Текебаев айтканынызга көнүп акциялар менен бөлүшкөндө сиз жымырап эле кетмексиз. Кыскасы шеф алтымышка чыктыныз тынч кетиңиз кыргыз сизге чейин жоголгон эмес, сизден кийин да жоголбойт. “Короче слишком много на себя не бери давай аксакал шуруй с миром бог тебе судья”. Айтмакчы чындап эл десеңиз светти кымбаттабагыдай кылып, майыптардын пенсиясын көбөйтүп кетиңиз. Эми ажоорик  сизге бир шиңгил:

Түшүнөт эле эл деле,

Түшүнмөкмүн мен деле.

Эрдик кылып күрөшүп,

Эртерек чыксаң сен деле.

Талаштуу ишти талдатпа,

Тагдырдын жолун тандатпа.

Керек бизге тынччылык,

Кетериңде чаңдатпа.

Берендерди буттадың,

Белдүүлөрдү укпадың.

Бетин таза болсо эгер,

Беш жыл эмне уктадың.

Атайы болуп жазганым,

Асылып сага баштадым.

Таштап ийчи дегеле,

Тиреген болсон асманым.

Ойсуз жерден катылдын,

Ойун уккун акындын.

Иттик кылып сен мага,

Ишин кылдын катындын.

Турун кылып айланын,

Туркун элди жайладың.

Эми сага кут болсун,

Эртеңки келер майрамың!

Талантбек Ормуковдун, Фейсбук баракасынан алынды

Последние новости