www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2002-жылдын 17-мартында болуп өткөн “Аксы окуясынын” 15 жылдыгына карата 2017-жылдын 17-мартында Аксы районунун Кара-Суу айылында “Аксы окуясына 15 жыл... Бийлик сабак алдыбы?” деген темада эскерүү жыйыны болот. Бул тууралуу “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы билдирди.

2002-жылы кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы күрөшкөн аксылыктарды колдоп, активдүү салым кошушкан Кыргызстандын бардык саясий партияларын, коомдук жана бейөкмөт уюмдарды, коомдук жана саясий ишмерлерди, “Аксы окуясынын” катышуучуларын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик өкүлдөрүн эскерүү жыйынына келип катышууга чакырабыз.

2017-жылдын 17-мартында болуучу иш-чаранын күн тартиби:

9.00: Аксы районунун Боспиек айылындагы шейит-мазарда куран окуу;

11.00: Аксы районунун Кара-Суу айылындагы “Аксы окуясынын” музейинде эскерүү жыйыны;

13.00: “Аксы окуясынын” шейиттерине Кара-Суу айылындагы “Аксы” тойканасында куран окутуу.

Уюштуруучу: “Эл үнү” коомдук-саясий кыймылы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости