www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданияттын мыкты кызматкери, Эл агартуунун отличниги, ырчы, обончу, аткаруучу, кино режиссер Бакыт Мамаев менен болгон маек.

- Кыргыз жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дечү эле. Азыр кайсы өнөрлөрдү аркалап жатасыз?

- Ооба, кыргызда жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дейт. Кудай берген талант менен элге колдон келишинче кызмат кылып жатам. Азыркы учурда комузчу, ырчы, аткаруучу, обончу, тамада, режиссерлук да кылып, андан сырткары операторлукту колго алып, өзүмдүн клиптеримди тартып жаткан учурум. Анан да айта кетпесе болбойт бүгүнкү күндө шакирттерди тарбиялап, билгенимди аянбай үйрөтүп устат болууга үлгүрүүдөмүн.

- Маданиятта сизди өксүткөн көрүнүштөр, же телегейибиз тегизби?

- Маданиятта мени өксүткөн жагдайлар көп. Акыркы учурдагы эле көрүнүштү санап берейин. Телеканалдарга Жаңы жылдык берүүлөргө тартаарда 8000-16000 сомго чейин акча алып жатканы өкүнүчтүү. Айрым телеканалдар акча алышпайт экен. Ырчыларга да кыйын. Анткени аранжировка, үн жаздыруу, форма, клип тартуу дегендин баары акча. Ал аз келгенсип телеканалдарга тартылуу үчүн акча төлөшөт, концерттерге катышса жакындарына билет саттыртат. Мунун баары мурда жок болчу. Коррупцияны мыйзамдаштырып алышты. Артисттерге сахнаны жасап бере албаган өкмөттүн кимге кереги бар?  Бул жүрөктү эзген өтө чоң көйгөй.  Ошонун баарын ачык айткыла десең эч ким даап бара албайт. Албетте мунун баары коррупция.

- Сиз кечээ же бүгүн сахнага чыккан жоксуз. Албетте берилип жаткан наамдар тууралуу да оюңузду билгим келет?

- Туура айтасың, кечээ гана сахнага чыккан жерим жок. Сахнага чыкканыма бир топ жыл болуп калды. Мына быйыл элүүнүн кырында турам. Муну эң жөнөкөй кабыл алам. Мен акча берип эч качан наам албай эле койдум. Маданият министрлиги кай жакты карап отурат билбейм. Советтер Союзунун тушунда наамды акчага сатып алуу деген түшүнүктүн өзү жок болчу. Талант эч убакта акчага бааланчу эмес. Акча берип депутат же президент болсоң болот. Акча берип куудул, ырчы болуу мүмкүн эмес. Наамды алсаң да албасаң да кандай адам болсоң ошонуң менен элдин эсинде каласың. Байлык бийлик бүгүн бар да эртең жок. Негизгиси Кудай алдында жан дүйнөң таза адамгерчиликтүү болуп, үй-бүлөң менен ден-соолукта эсен жүрсөң, мына ошол бакыт.  Мен ушуну баарынан бийик коём.

- Сизди кадимки лампочканы нан чайнагандай чайнап салат дейт канчалык чындыгы бар?

- Бул өнөр мен ырчы болгонго чейин эле пайда болгон. Жаш кезден чыгыштын ийогасын өздөштүрүп, бычак саймай, айнек тебелемей, кирпич сындырмай деген сыяктууларды азырга чейин жасап келем. 

- Алдыдагы пландар жөнүндө кыскача анонс берип койсоңуз?

Ушунча талантты Кудай кут кылганына ыраазымын. Азыркы тапта жаңы альбомдун үстүндө иштеп жатам. Анан да 50 жылдык юбилейиме кызуу даярдык башталды. Жаңылык катары ырчыларга кулак кагыш кылып айта кетпесем болбос. Алдыда менин обондорумду аткаруучуларга сынак жарыялайм. Андыктан азыртан менин ырларымды байкап көрүп даярдык көрө баштаса болот. Учурда бир топ обондорумду элге төбөсү көрүнгөн ырчылар аткарып жүрүшөт. Мисалы: Гүлнара Кахарова – Туулган күн, Гүлзат Байзакова – Кечирчи, Мелис Абдырашитов – Кара тору ж.б көптөгөн ырларым бар.

- Бакыт мырза, убакыт бөлүп курган маанилүү маегиңизге рахмат. Сизге бекем ден-соолук жана чыгармачылык бийиктик каалайбыз.

 - Сиздерге да рахмат. Көз жазымда калтырбай кабар алып койгонуңарга. Мен дайыма эл менен экенимди баса белгилеп айтып коеюн.

 Курманбек Ниязбеков, NazarNews.kg

Последние новости